Ош шаарынын “Курманжан-Датка” МАБында Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан “Балажан” бала бакчасынын 120 орундуу кошумча имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жер төлөөсүн куруу иштери аяктап, мамычаларды бекемдөө боюнча иштер аткарылып, биринчи кабаттын дубалын куруу башталды. Бекитилген график боюнча иш башталгандан 9 ай өткөндөн кийин объект […]Читать далее
2022-жылдын 1-августунан тарта Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине кабыл алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринен 9-классты бүтүргөн, медициналык кароодон өткөн абитуриенттер дене тарбиялык даярдыгы боюнча сынактардан өтүшөт. Ошондой эле жалпы билим берүү сабактары боюнча тест тапшырышат. Белгиленгендей, тест компьютердик тестирлөө методу менен өтөт. Сынактын […]Читать далее
Президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгына ылайык Республика боюнча сынак өткөрүлүп, ага 44 район жана 30 шаар катышты. Сынактын жыйынтыгында Свердлов районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячылары жана мугалимдери 1-орунга ээ болушту. Өз кезегинде Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери, акимдин биринчи орун басары Руслан Бекназаров мугалимдерге жана тарбиячыларга терең ыраазычылык билдирип, мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырышты. Сынактын […]Читать далее
Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Конкурска төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргызстандын жарандары катыша алат: – жогорку педагогикалык билими жана жети жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы барлар; – атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (майыптыгы […]Читать далее
Жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) жана колледждерге каттоонун биринчи туру жыйынтыкталды, – деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы. 2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда КООЖго катталгандар: 2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда КООЖго катталгандар: бюджетке – 3131 абитуриент, келишимдик негизде – 17685 абитуриент. Алардын ичинен тандалган колледжге окуй […]Читать далее
Мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге 1-4 миң сомдон төлөп берүү пландалууда. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдиргендей, ЖРТда жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында жакшы окуган студенттерге акчалай төлөмдөрдү төлөп берүү каралууда. “Мугалимдик кесиптин 1-курсунда жакшы окуган студентке 1 миң сом, 2-курста 2 миң сом, 3-курста 3 миң […]Читать далее
Бүгүн, 21-июлда Ош шаарынын мэриясында “Алтын тамга” жана “Алтын сертификат” ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин куттуктап, келечек муундардын билим алуусуна ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү калаа бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи. Шаар башчысы “Алтын аттестат” […]Читать далее
Өзбекстан Кыргызстанга 2022-2023-окуу жылында “Жибек жолу” эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде магистратура программасы боюнча окууга гранттык негизде беш орун берет. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, документтерди тапшыруунун мөөнөтү 2022-жылдын 1-августунда аяктайт. Арыз берүүчүлөр документтердин электрондук көчүрмөлөрүн кабыл алуу комиссиясынын admissions.univ-silkroad.uz сайтына жүктөөгө тийиш.Читать далее
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берүүнүн жол-жоболору тууралуу айтып берди. Белгилей кетсек, күн мурун, 18-июлда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү бир катар жогорку окуу жайларга өзгөчө макам берүү боюнча жарлыкка кол койгон. Жарлык менен төмөнкү мамлекеттик жогорку окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны […]Читать далее