Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Низами Гянджеви атындагы мектепти ачышты

 Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Низами Гянджеви атындагы мектепти ачышты

Бүгүн, 12-октябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев билим берүү мекемесинин имаратын көрүп чыгышты.

Окуу жайдын аянты 2 миң 31 чарчы метрди түзүп, 550 окуучулук орунга ылайыкталган. Мектепте сабактардан тышкары чоң жыйындар жана спорттук залдар, ашкана, китепкана, мектептен тышкаркы иштер үчүн кабинеттер жана медициналык бөлүм, гимнастика аянтчалары, эс алуу зоналары жана аймагында унаа токтотуучу жайлар каралган.

Связанный пост