Жалпысынан 2024-2025-окуу жылында мектептерде 93 миң 696 мугалим иштесе, анын 87 миң 385и мамлекеттик мектептерде эмгектенет. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал белгилегендей, педагогикалык жамаат 12 жылдык билим берүүнүн жаңы талаптарына жооп бериши үчүн жаңы 2025-2026-окуу жылына карата мугалимдер үчүн 27 миңден ашык ноутбуктар сатып алынууда. “Мугалимдер жаңы, […]Читать далее
5-класстын окуучулары 1-сентябрдан тарта салттуу 5 жана 6-класстардын программаларын бириктирген
12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу 5-класстын окуучулары 1-сентябрдан тарта салттуу 5 жана 6-класстардын программаларын бириктирген атайын интеграцияланган программалар боюнча окутула баштайт. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева бүгүн маалымат жыйында билдирди. “Программалар балдар кийинки жылы 7-класска өтө тургандай бириктирилген. Программалардагы олуттуу өзгөртүүлөр математика, табият таануу жана англис тилдеринде болот”, – деди […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын май айында өлкө боюнча 56 159 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады. Алардын ичинен 31 731 абитуриент кыргыз тилинде, 24 428 абитуриент орус тилинде ЖРТ тапшырган. Май айында тест тапшырган абитуриенттердин ЖРТ сертификаттары мектептерге жана шаардык/райондук билим берүү бѳлүмдѳрүнѳ аттестаттар тапшырылганга чейин жѳнѳтүлѳт. Абитуриент сертификатты алуу үчүн тестке кирүү […]Читать далее
Агартуу министрлиги 2025 – 2026-окуу жылына балдарды жалпы билим берүү уюмдарынын 1 – 2-класстарына электрондук каттоонун экинчи этабы улантылып жатканын билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 3-июнуна саат 17:30га карата 132 021 бала катталды. Республика боюнча бош орундар – 157 751, экинчи этапта жалпы 19 501 бала катталды, анын ичинен 2-июнга карата – 14 876 бала, […]Читать далее
Кечээ, 2-июнда 2025/26-окуу жылына мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Каттоо 15-августка чейин уланат. Агартуу министрлигинин мектепке кабыл алуу порталындагы маалыматка ылайык, жалпы 289 772 орун бар. Бүгүнкү күндө 132 миңден ашуун бала биринчи жана экинчи класстарга катталды. Дагы 157 миңден ашуун орун калды. Алардын 28 миңден ашууну жеңилдетүү каралган (льгота) орундар. 593 орун күтүү […]Читать далее
Кыргызстанда бүгүн саат 09:00дө жаңы 2025/26-окуу жылына мектептерге электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 250 миңге жакын окуучу биринчи жолу партасына отурат. Белгиленгендей, 2-этап үстүбүздөгү жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин өткөрүлөт. Кантип катто керек? Ата-энелер бош орундары бар мектепти тандай алышат. Бул үчүн, сизге төмөнкүлөр керек: – Каттоо үчүн баланы тандаңыз. – […]Читать далее
Быйыл өлкө боюнча 11-классты 80 миң 348 окуучу бүтүрүүдө. Ал эми 9-классты 135 миң 681 окуучу аяктап жатат. Эми бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүлөт. Экзамендер 2-июндан 17-июнга чейин болот. Белгилей кетсек, бүгүн бардык мектептерде акыркы коңгуроо кагылды.Читать далее
Бүгүн өлкө мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өткөрүлүүдө. Бул күн ар бир бүтүрүүчү үчүн балалык менен коштошуп, чоң жашоого кадам таштоонун символу катары маанилүү. Бүтүрүүчүлөр сүйүктүү мугалимдери, классташтары менен коштошуп, алдыдагы чоң жашоого ишеним менен кадам таштоого даяр болгон күн. Акыркы коңгуроо – ар бир бүтүрүүчү үчүн унутулгус саамалык. 2024-2025-окуу жылында республика боюнча 11-классты 80 миң […]Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарында өткөн Педагогикалык форумдун алкагында “Жаңы багыттар: 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана “Алтын казык” программасы – билим берүүнүн сапатынын негизги көрсөткүчү” урааны менен жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттары расмий түрдө тааныштырылды. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова жана ЮНИСЕФтин Европа жана […]Читать далее
Эртең, 23-майда саат 09:00дө Бишкек шаарындагы айрым жалпы билим берүү уюмдарында 2025 – 2026-окуу жылына 1- жана 2-класстарга окуучуларды кабыл алуу боюнча кошумча орундар ачылат. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул орундар ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн жогорку суроо-талабын канааттандыруу жана билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында берилүүдө. Кошумча квоталар төмөнкү билим берүү уюмдарында каралган: №4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназия […]Читать далее