Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун III форуму Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп жатат. Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын 100дөн ашуун ректорлору катышууда. Жыйын билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо жана интеграциялоо маселелерин талкуулоо жана Евразия […]Читать далее
Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммити өткөрүлүшүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты. Буйрукка ылайык, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки, мектептик, башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан 2023-жылдын 12-13-октябрында окуу сабактарын онлайн форматта уюштуруу тапшырылды. Борбор калаанын мэриясынын билим […]Читать далее
6-октябрда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун башкы директору Нурлан Мадаминов, коммерциялык директору Кубанычбек Баратбаев жана техникалык директору Мырзабек Шадыбеков менен жолугушту. Тараптар алыскы аймактардагы мектептерди интернет менен камсыздоо, интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык тутумуна кирүү үчүн локалдык тармакты жана Wi-Fi тармагын түзүү жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Каракол шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жогорку билими бар жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат: 1. Каракол шаарында М.В. […]Читать далее
4-октябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоордук блогунун аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Андрей Широков жана Фонддун Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу өлкөлүк өкүлү Кубат Мурзаев менен жолугушту. Тараптар Кыргыз Республикасында орус тилдүү жалпы билим берүүчү 9 мектептин курулушу жана Техникалык тапшырмаларды даярдоо маселесин талкуулады. Догдуркүл […]Читать далее
Жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет, ал Дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 1994-жылы негизделген. Ушул күндү майрамдоо өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн мугалимдерине сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп калды. 2014-жылы Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган. 2022-жылы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан билим берүү уюмдарындагы билим берүү сапатын жакшыртуу жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында ноутбуктар берилген. Өз кезегинде Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 23-сентябрындагы №5112/1 буйругуна ылайык, аталган ноутбуктар жалпы билим берүү мекемелери арасында бөлүштүрүлүп берилген. Атап айтканда, билим берүү мекемелерине жалпы суммасы 50 млн 19 миң 990 сомдук […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 25 миңдей педагогду окутту. Дагы 33 миң мугалим тренингден өтөт. Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш чаралар 2023-жылдын июнь жана август айларында Кыргызстандын бардык областарында жүрдү: «Санариптик сабаттуулук» программасы боюнча –15500дөн ашык мугалим; […]Читать далее
Кыргыз Республикасынан 229 абитуриент 2023-2024-окуу жылында Горно-Алтайск, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайларга тапшырышты, алардын 203ү бюджеттик негиздеги окууга өткөн. Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен 3-7-июлда Кыргызстанда жогорудагы окуу жайлардын документтерди кабыл алуу жана сынактарды өткөрүү боюнча көчмө кабыл алуу комиссияларынын […]Читать далее
2023-2024-окуу жылынын башталышына байланыштуу Ленин районундагы №73 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында мектепке чейинки даярдоо топторун кабыл алуу өттү. Ошондой эле, №9 ОТК МГ базасында билим берүү уюмдарынын класстык комплектилери алынды. Билим берүү уюмдарын комплекттөөгө: акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ленин райондук башкармалыгынын башчысы Жылдыз Токтоболотова, билим […]Читать далее