Бүгүн Балыкчы шаарында күнүнө 350-450 жаранды тейлөөгө ылайыкталган жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылды, деп билдирет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы. Жалпы аянты 213 чарчы метр түзгөн КТБнын имараты Абдрахманов 258 дарегинде жайгашкан. 13 адис жарандарды кабыл алат. Жаңы форматтагы КТБ автоматташтырылган маалыматтык системага кошулуп, мында керектүү мамлекеттик документтерди алуу үчүн бардык ыңгайлуу […]Читать далее
Жалал-Абад шаарынын Исакулов көчөсүндө жайгашкан №23 “Билимтай” балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Шаардык мэриядан билдиришкендей, бакчанын ачылуу азмине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Шаар мэри […]Читать далее
Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктөн май чыгарган чакан цехтер ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомстводон билдиришкендей, учурда Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүү максатында дыйкан-фермер, багбандардын кирешесин көтөрүүгө багытталган кайра иштетүүчү чакан өндүрүштөрдү куруу колго алынууда. Бул багытта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл […]Читать далее
Кыргызстанда 330 километрден ашуун чарба аралык канал оңдолду. Бул тууралуу КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 2024-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү максатында Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 336,0 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 305 гидротехникалык курулмалардын, 118 суу өлчөөчү посттордун, 101 насостук […]Читать далее
КР Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүгүнүн дареги өзгөрдү. ТИМден билдиришкендей, министрликтин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү эми Ош шаары, Резиденция району, 5-көчө, 4 дарегинде жайгашты. Телефон: +996 3222 5-01-04 (кабылдама);:+996 32 22 5-01-06 (консулдук суроолор боюнча); +996 3222 5-01-03.Читать далее
Караколдо көп тармактуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, курулушка капсула салуу аземине КР Президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Түмөнбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Каракол шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана шаарынын тургундары катышты. Жалпысынан 30,65 гектар аянтка 3 […]Читать далее
Кочкор районунда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 9 бала бакчада 3 сааттык билим берүү программасы ишке кирди. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Ачылышка КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу катышты. Учурда облус аймагында жалпы 145 бала бакчада 10 сааттык программа […]Читать далее
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) каржылык колдоосу менен Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулуп, эски таштанды полигону рекультивацияланат. Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей,финансы министринин орун басары Руслан Татиков долбоорду ишке ашыруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев долбоордун алкагында “Ош-Тазалык” ишканасынын техникалык жана материалдык базасын чыңдоо боюнча аткарылган иштер […]Читать далее
Сузактагы Көк-Арт дарыясында суунун нугу көтөрүлдү. Натыйжада Жалал-Абад шаарына караштуу №10 дамбанын 150 метр аралыгын суу жеп, кооптуулук жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Жерине 15 техника тартылып, суунун нугун буруу иштери жүрүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Жарандык коргоо башчысы Абсаттар Сыргабаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жана Сел жана суу […]Читать далее
КР Президентинин №56 Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерди) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө Жарлыгына ылайык, Манас районунда тийиштүү иштер жүрүп жатат. Алсак, Чоң-Капка постуна жакын жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектилер, жолго чыгып кеткен мыйзамсыз тосмолор буздурулуп, чек ара […]Читать далее