Кочкор районунда 9 бала бакчада 3 сааттык билим берүү программасы ишке кирди

 Кочкор районунда 9 бала бакчада 3 сааттык билим берүү программасы ишке кирди
Кочкор районунда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 9 бала бакчада 3 сааттык билим берүү программасы ишке кирди. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Ачылышка КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу катышты.
Учурда облус аймагында жалпы 145 бала бакчада 10 сааттык программа менен 12 360 бала, 3 сааттык программа менен 1054 бала тарбияланууда. Анын негизинде балдардын бала бакчаларга тартылуусу 3,15 пайызга өстү.

Связанный пост