Чоң капка постунда мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

 Чоң капка постунда мыйзамсыз курулуштар буздурулууда
КР Президентинин №56 Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерди) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө Жарлыгына ылайык, Манас районунда тийиштүү иштер жүрүп жатат. Алсак, Чоң-Капка постуна жакын жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектилер, жолго чыгып кеткен мыйзамсыз тосмолор буздурулуп, чек ара постунун айланасы иретке келтирилүүдө.
Буга чейин КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жол чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо, жол боюндагы тейлөө объекттерин курууга долбоордук документтерди макулдашуу жана берүү жол-жобосун контролдоо иштерин күчөтүү боюнча тапшрымалар берилген.

Связанный пост