Нарын облусунун Кочкор районунундагы Сары-Булак айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылындагы Бейшеев атындагы жаңы мектеп эки корпустан туруп, спорттук зал жана өтмө галереясы бар. Билим уясынын долбоордук кубаттуулугу 150 орунга ылайыкталган. Жаңы мектепте негизги класстык кабинеттерден сырткары химия, физика, биология сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыргыз тили, чет тили, орус тили кабинеттери, кыздар үчүн кол эмгек […]Читать далее
2023-жылдын түшүмү үчүн жалпы облус аймагында 32 миң 445 гектар жер аянтка кылкандуу дан эгиндери эгилип, толугу менен коромжусуз жыйнап алынды. Тактап айтканда, 18 миң 137 гектар аянтка буудай өсүмдүгү эгилген. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 601 гектар аянка көп. Гектарына орточо түшүмдүүлүк 26,6 центнерди түзүп, 48 миң 159,9 тонна дүн жыйым топтолду. Ал эми алдынкы дыйкан-фермерлер […]Читать далее
ЖКККББ: “Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Кытай чек арасы” эл аралык жолунда көчмө отурум өткөрүлдү
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, оор кесепеттер менен коштолгон жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен “Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Кытай Эл Республикасынын чек арасы” эл аралык маанидеги автомобиль жолунун 128,800-чакырымындагы жол тилкесине (“Дорожный айылы – Чолок – Боом” мамлекеттик маанидеги автомобиль жолу менен бириккен жери) комиссиялык көчмө отурум уюштурулду. Бул […]Читать далее
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чек арасынын “Иркештам” участкасында асма көпүрөсү, көмүр конвейеринин жана төрт тилкелүү жолдун курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Долбоордун максаты: 4-тилкелүү жол жана көпүрө куруу аркылуу Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чек арасындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо, эки өлкөнүн ортосундагы эффективдүү жана коопсуз байланышка салым кошуу, соода өнөктөштүгүн […]Читать далее
Жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо максатында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна соккуга каршы буферлер орнотулууда. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда иштер жолдун 83, 124 жана 126-чакырымында (Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарлары) жүрүп, атайын буферлер кооптуу бурулуштарга коюлуп жатат. Кум толтурулган челектин бийиктиги 80 см, диаметри 55 смди түзүп, салмагы […]Читать далее
Ормон Ниязбек уулунун (Ормон Хан) 230 жылдык мааракесине арналган маданий иш чаралар Кочкор айылындагы “Ормон Хан” сейил багында өтүп жатат. Сейил бакта “Этно аллеясы”, “Өнөр Мурас” аянты уюштурулган. Катары менен боз үйлөр тигилип, жети дубандын ордолору жасалган. Улуттук кол өнөрчүлүк, улуттук-тамак-аш, улуттук спорттук оюндар боюнча кароо-сынактар өткөрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти баштаган расмий өкүлдөр сейил бактагы […]Читать далее
Бүгүн, 2-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунда Кыргыз мамлекеттүүлүгун түптөөгө салымын кошкон тарыхый инсан, 19-кылымдын ортосунда чачкын кыргыз урууларын бириктирип, көз карандысыз Кыргыз хандыгын түзүүгө аракет кылган белгилүү саясий ишмер Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси өтүп жатат. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Маданий иш чара Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
30-сентябрда Улуттук “Манас Ордо” комплексинде саясий жана мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун 120 жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш- чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштурулган . Маданий программа жана улуттук оюндар менен коштолгон иш-чарага бир катар расмий өкүлдөр, атайын чакырылган коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш- […]Читать далее
Ош облусунун Кара-Суу районунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакчаны куруу иштери 2022-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата 705,0 чарчы метр аянтындагы бала бакчанын имараты бүткөрүлүп, эмеректер жана жабдуулар коюлду. Бала бакчада санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган бардык шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүүчү бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, буфет, […]Читать далее
Бүгүн 23-сентябрда Сүлүктү шаарынын 155 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленүүдө. Иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Ажибеков,район шаар башчылары катышууда. Бул күнү шаарда «Бакай» өндүрүштүк комплексиндеги кап иштеп чыгаруучу завод ачылып пайдаланууга берилди. Жеке ишкер заводго 30 млн сомдук жабдыктарды орноткон,натыйжада 75 жумушчу иштеп,күнүнө 30 миң […]Читать далее