“Иркештам”да асма көпүрө жана төрт тилкелүү жол курулууда

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чек арасынын “Иркештам” участкасында асма көпүрөсү, көмүр конвейеринин жана төрт тилкелүү жолдун курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

 

Долбоордун максаты: 4-тилкелүү жол жана көпүрө куруу аркылуу Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чек арасындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо, эки өлкөнүн ортосундагы эффективдүү жана коопсуз байланышка салым кошуу, соода өнөктөштүгүн арттыруу жана маданий-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана көмүрдү эффективдүү ташуу үчүн заманбап көмүр конвейердик лентасын түзүү.

 

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чек арасына 4 тилкелүү автожолду, көмүр конвейерин жана көпүрөнү куруу долбоору эки өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Бул элдердин кызматташтыгынын жана жакындашынын деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле сооданы жана эки тараптуу инвестицияны жеңилдетүүгө жардам берет.

 

Долбоор аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө багытталган.

Связанный пост