Нарында эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Нарын облусунун Кочкор районунундагы Сары-Булак айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылындагы Бейшеев атындагы жаңы мектеп эки корпустан туруп, спорттук зал жана өтмө галереясы бар. Билим уясынын долбоордук кубаттуулугу 150 орунга ылайыкталган.
Жаңы мектепте негизги класстык кабинеттерден сырткары химия, физика, биология сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыргыз тили, чет тили, орус тили кабинеттери, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга жыгач буюмдарды иштетүүчү устаканалар каралган, окуучулар үчүн толук шарттар түзүлгөн. Китепкана, буфет, дарылоо кабинети, спорттук залы бар. Анда кыздар жана балдар үчүн өзүнчө кийим алмаштыруучу бөлмөлөр каралган.

Связанный пост