ЖКККББ: “Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Кытай чек арасы” эл аралык жолунда көчмө отурум өткөрүлдү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, оор кесепеттер менен коштолгон жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен “Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Кытай Эл Республикасынын чек арасы” эл аралык маанидеги автомобиль жолунун 128,800-чакырымындагы жол тилкесине (“Дорожный айылы – Чолок – Боом” мамлекеттик маанидеги автомобиль жолу менен бириккен жери) комиссиялык көчмө отурум уюштурулду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Комиссиянын курамына кирген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Чүй облустук, Кемин райондук мамлкекеттик администрациясынын, Кемин райондук прокуратурасынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте аталган жол тилкесиндеги транспорт каражатарынын жол кыймылына өзгөртүү киргизүү сунушталды.

Көчмө отурумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрүнө кечиктирилгис иш-чараларды жүргүзүү жана уюштуруу керектиги белгиленди.

Связанный пост