Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол-Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Аймакта 3 күндөн бери тынбай жааган кар жана катуу бороон менен катар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жергиликтүү бийлик аталган унаа жолун 12синен 14-апрелге чейин жабуу чечимин кабыл алган. Белгилей кетсек, жергиликтүү бийликке жолду убактылуу жабууга тескеме чыгарып берүү боюнча “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы кайрылган. Ошондой эле, […]Читать далее
Баткенде 243 үй-бүлөгө 100миң сомдон социалдык жардам тапшырылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында,бүгүн 11-апрелде Баткен районунун жана Баткен шаарынын 243 үй-бүлөсүнө 100миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Мамлекеттик бул долбоордун максаты,аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан […]Читать далее
Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн 11-апрелде Баткен облусунун Кадамжай шаарында Өзбек Республикасынын Фергана облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлери менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлери ортосунда жолугушуу өтүүдө. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун […]Читать далее
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, катуу бороондон улам жолдо кар күрткүсү пайда болду. Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүүдө. Бороон басылаар менен жолдогу абал калыбына келтирип, бардык тарапка каттам […]Читать далее
Кыргызстанда 2019-жылдан тартып айылдык кеңештерге шайлоолордо аял-талапкерлер үчүн ар бир округда мандаттардын 30% кем эмесин резервдѳѳ каралган. Бул тууралуу КР БШК маалымат бѳлүмү билдирди. Мындай атайын чара Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мыйзамдык деңгээлде аялдардын саясатка тең укуктуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 2021-жылы айылдык кеңештерди шайлоодо мындай чараларды массалык колдонуу […]Читать далее
Ош облусунан 1,5 миң түп жашыл арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинип отургузулуп баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ош облусунун Кара Кулжа районунун питомнигинен жашыл арчанын 1 жарым миң түп көчөттөру алынып келинип, бүгүн шаардын 64 аймагындагы Ынтымак аллеясынын айланасынан баштап отургузуу иштери башталды. Көчөттөр демөөрчүлөрдүн эсебинен түшкөн каражатка […]Читать далее
2022-жылдын 31-мартында «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери башталган. Курулуш иштерине мындан туура бир жыл мурун Президент Садыр Жапаров старт берген. Өткөн жылы пландалган 5 чакырым темир жол курулуп бүткөн. Учурда “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери жанданды. Курулуш иштерине 20 атайын техника жана 30 жумушчу тартылган. 2023-жылы 15 […]Читать далее
КР Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусуна 1 116 731,8 миң сом каралат. Алар: – Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына – 500 млн сом; – Теңдөөчү трансферт – 328 млн сом; – ОЖӨБдүн электр энергиясына – 16 млн сом; – Жабыркаган ишкерлерге зыян тарткан үчүн бир жолку компенсацияга – […]Читать далее
КР ӨКМнин пресс-борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-3-апрелинде түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт: Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°. 2-3-апрелдерде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.Читать далее
КР ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматы боюнча 2023-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.Читать далее