Токтогул районунда күндүн энергиясынан электр энергиясын алуу пландалууда

 Токтогул районунда күндүн энергиясынан электр энергиясын алуу пландалууда

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, “HUNGARO SRL (Венгрия)” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү В.Тулейбич, “ГРК Солар энерджи” (Кыргызстан) ЖЧКсынын башкы директору А.Тороев менен жолугушту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө “HUNGARO SRL” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү А.Тулейбич Токтогул районунда күндүн нуру аркылуу электр энергиясынан алуучу станция курууга кызыктар экендигин билдирди.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап биргелешип, күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Связанный пост