Бүгүн, 29-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылында 100 орундуу бала бакча ачылды. Аталган бала бакча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун түздөн-түз тапшырмасы менен салынып берилди. Себеби өлкө башчысынын 2021-жылдын 18-июнда Ат-Башы районуна болгон иш сапарында Кара-Булуң айылынын эли менен жолугушууда ушул айылга бала бакча зарылдыгы боюнча айыл тургундарынан кайрылуу жолдонгон. Президент элдин […]Читать далее
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-августта саат 15:37де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Таш-Короо, Эңилчек, Кургач айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
2023-жылдын 28-август күнү Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана билим күнүнө карата Баткен ОИИБнын жетекчилиги гарнизондук кароо өткөрдү. Гарнизондук кароого Баткен ОИИБдин, шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери, жоокерлери жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы өзүнчө ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, ошондой […]Читать далее
КР Талас облусунун 2023-жылдын I-жарым жылдыгына республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар: Бюджеттер аралык трансферттер : Талас облусу боюнча 2023-жылдын республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 144,7 млн сом акча каражаты каржыланган, алар: Теңдөөчү трансферт (ВГ) – 112,4 млн. сом; Максаттуу трансферттер (ЦТ) катары жалпы 32,3 млн. сом Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча: Талас облусу […]Читать далее
Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 254-255-чыкырымы убактылуу жабык
Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 254-255-чыкырымы убактылуу жабык. Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 254-255-чыкырымында 5000 м3 таш көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды. Эч кандай унаа кырсыгы каттал жок, түн ичинде калып калган 30-40 жаран чыгарылды. Азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жана тийиштүү кызматтар техниканын жардамы менен жолдорду ачып тазалоо иштерин […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы №1 кесиптик лицейдин имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, спорт интерантына даярдалып жатат. Тагыраагы, имараттардын эшик-терезелери алмаштырылып, чатырларын алмаштыруу, суу жана саркынды суу тутумдарын жаңылоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Мында спортчуларды даярдоого бүт шарттар каралып, жатакана, ашкана, окуу бөлмөлөрү, машыгуу залдары орун алат. Спорт интернатынын курулушу Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен 117 млн. сом […]Читать далее
“Кыргызжылуулукэнерго” Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Болот Джусупбеков Жумгал районуна иш сапар менен барды. Иш сапардын алкагында «Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын күз-кыш мезгилине даярдык иштерин текшерип, жеринде маалымат алды. Бүгүнкү күндө, «Жумгалдагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалында көмүр менен иштеген “Сапарбекова 88” жана “Сапарбекова 100-101” отканаларында жана бир […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Өзгөн шаарындагы №8 «Айла» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышына катышты. Өзгөн шаарынын тургундары көптөн күткөн мектепке чейинки билим берүү уюмунун ачылышынын аркасында балдарын сапаттуу билим менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ачылышта Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев сөз сүйлөп, билим берүүнүн баштапкы этабында балдарга […]Читать далее
22-августта КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө айыл чарба штабынын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Жыйында күз-кыш мезгилине даярдык, айыл чарбасындагы оруп-жыйуу, малдын көчүп-конуусу, корук иштери жана КР Министрлер Кабинетинин №713-токтомунун аткарылышы боюнча маселелер каралды. Штабдын отурумун КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров алып барды. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелер […]Читать далее
Улуттук Кызыл Ай Коому Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын Көз оорулар бөлүмүнө 2 млн. 500 миң сомдук УЗИ аппаратын тапшырды. Эми мында дарыланып жаткан бейтаптар акысыз бул аппараттан пайдалана алышат. Заманбап бул жабдык көздүн алдыңкы, арткы челин аныктоодо жардам берип, деги эле көздүн бүт түзүлүшүн ар тараптуу көрсөтүп бере алат. Буга чейин облустук ооруканадагы бейтаптар бул […]Читать далее