Алимбаев: Максаттуу жана кайтарымдуу долбоорлорду колдоого даярбыз

 Алимбаев: Максаттуу жана кайтарымдуу долбоорлорду колдоого даярбыз

Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну, жеке ишкер Махаматали Темиров 22 гектар аянтка карлик көчөттөрүн отургузууда.

Ал бул чоң аянттагы жерди өздөштүрүү үчүн 6 км аралыкка электр энергиясын тартып келген, 80 метр тереңдиктен суу чыгарган.

Учурда суу сактагыч куруп жатат, алдыда жерди тамчылатып сугарууга өткөрүүнү пландоодо.

Жерди өздөштүрүүгө кеткен негизги каражат ишкердин өздүк салымы болуп эсептелет, ал эми мамлекет тарабынан 1 млн сом пайызсыз насыя берилген. Жалпы 8 млн сом каражат сарптаган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ишкердин аракетин көрүп, буга чейин 30 сотых аянтта күнөскананы ийгиликтүү иштетип келген тажрыйбасын эске алып, айыл өкмөтү тарабынан 1,5 гектар жер аянтын күнөскана үчүн ажыратып берүүнү жана жетиштүү каражат бөлүп берээрин айтты.

Облус башчысы көп жылдык бактан айырмаланып, күнөскана бат киреше берээрин белгилеп, жергиликтүү калкты жыл бою помидор, бадыраң сыяктуу жер жемиштер менен камсыздоо да элге пайдалуу экенин айтты. Мына ушундай максаттуу, пайдалуу жана кайтарымдуу долбоорлорду колдоого ар дайым даяр экенин жана учурда дыйкандар, багбандар, ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөр кенен деп белгиледи.

Связанный пост