Ошто коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

 Ошто коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Бүгүн Ош шаардык прокуратурасында Ош шаарынын укук коргоо, фискалдык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүүсү боюнча координациялык кеңешинин жыйыны өттү.

 

Жыйынга Ош шаарынын прокурору Малик Бектурганов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, укук коргоо жана фискалдык органдардын жетекчилери катышып, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана бөгөт коюу жолдорун талкуулашты.

 

Соңунда аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар угулуп, анын негизинде бир катар чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Связанный пост