Баткенде дагы бир асфальт завод ишке берилет

 Баткенде дагы бир асфальт завод ишке берилет

Баткенде кубаттуулугу күнүнө 1000 тонна болгон асфальт завод ишке берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Зарташ айылындагы асфальт жана таш майдалоочу заводунун ишинен кабар алды. Бул ишкана Баткен облусундагы асфальт чыгарган жалгыз мамлекеттик ишкана болуп саналат.

Ал Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын карамагында.

 

Ишкана 2020-жылы ишке берилген. Күнүнө 350 тоннага чейин асфальт чыгарат. Ишкананы сырье менен камсыздоо максатында жанына таш майдалоочу завод курулган. Бул жерде күнүнө 40 тонна таш майдалап чыгарылат.

 

Асфальт заводу учурда облусту камсыздоого жетишпейт, мындан улам жакынкы күндөрү дагы бир асфальт заводу жана таш майдалоочу заводунун курулушу күтүлүүдө.

 

Облустук өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, 2024-жылы Баткен облусунда 40 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Аталган ишканалар ишке берилсе, аймактагы жолдорду асфальт менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

 

Белгилей кетсек, быйылкы жылы Япон грантынын эсебинен Баткен облусуна 43 жол техниканын берилүүсү да күтүлүүдө.

 

Асфальт заводунун ишинен кабар алган президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев алдыда облустун жол курулуштарын аткарууда керектүү материалдарга жана техникаларга болгон муктаждыгы толук чечилэрин айтты.

 

Ошондой эле быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен курулушу пландалган жолдорду өз убагында, сапаттуу бүтүрүүнү белгиледи. Өзгөчө Боз-Адыр-Баткен, Кызыл-Бел-Достук, Айгүл-Таш-Согмент, Самат-Замбуруч-Жаркыштак жолдорун бүтүрүү зарылчылыгын белгилеп, жетекчилерге тапшырмаларды койду.

 

Облус башчысы бул күнү таш майдалап шагыл чыгаруучу жеке менчик ишканалардан да кабар алды.

Связанный пост