Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшыруу аземи өтөт
![Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшыруу аземи өтөт](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/07/109268.730x0.jpg)
Бүгүн, 13-июлда,Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара УТРКнын, республикалык телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.
Түз эфир башталышы болжол менен 18:00.