Бишкекте катуу ысыктан кийин салкындайт

 Бишкекте катуу ысыктан кийин салкындайт

Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарында 31-июлдан 6-августка чейин күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Ага ылайык, борбор калаада 31-июлда, 1-3-августта жана 4-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 4-августта күндүз жана 5-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 6-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

31-июль: түнкүсүн 19…21 күндүз 35…37

1-август: түнкүсүн 20…22 күндүз 36…38

2-август: түнкүсүн 21…23 күндүз 37…39

3-август: түнкүсүн 23…25 күндүз 35…37

4-август: түнкүсүн 22…24 күндүз 31…33

5-август: түнкүсүн 21…23 күндүз 31…33

6-август: түнкүсүн 20…22 күндүз 32…34.

Связанный пост