Бажы кызматы мурда козголгон кылмыш иши боюнча 5 миллион сомдон ашык кошумча келтирилген зыянды аныктады

 Бажы кызматы мурда козголгон кылмыш иши боюнча 5 миллион сомдон ашык кошумча келтирилген зыянды аныктады

Кыргыз Республикасына мыйзамсыз товарларды ташып келүү фактысы боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматына Австрия Республикасынан Бишкек шаарындагы «ГС» спорт дүкөнүнүн дарегине товарларды экспорттук жеткирүү боюнча кошумча маалымат келип түшкөн.
Мурда маалымдалгандай, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн келе жаткан жолдо бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында «ГС» спорт дүкөнүнүн коммерциялык документтери өзгөртүлгөн. Экспорттук документтерде көрсөтүлгөн товарлар мыйзамсыз түрдө чекене соода түйүндөрүндө алынып келинип, сатылган.
Эсептөөлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 339 407 сом өлчөмүндө аныкталган.
Чогултулган кошумча материалдар мурда козголгон сотко чейинки өндүрүшкө киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Связанный пост