Камчыбек Ташиев бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

 Камчыбек Ташиев бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ага ачык кайрылуу жолдогон бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту.

Куруучулардын ачык кайрылуусу Бишкек шаарынын түштүк зонасында курулуш объектилерине техникалык шарттарды берүүнүн жана аларды туташтыруунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жокко чыгаруу сунушуна байланыштуу саналат.

Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул маселе үч жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын, ошол эле учурда жүктөмдү эсептөө колдонуудагы нормаларга туура келбестигин жана андан он эсе жогору экендигин белгилешти.

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары тармактык мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырды жана салыктарды ак ниет төлөгөн ишкерлерди колдоого алуу мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин баса белгиледи.

Связанный пост