Кореяда Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар кореялык компаниялардын Ишкер кеңеши түзүлдү

 Кореяда Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар кореялык компаниялардын Ишкер кеңеши түзүлдү

Бүгүн, 13-июлда Сеулда кыргыз жана кореялык алдынкы компаниялардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу кыргыз-корея бизнес-форум болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана туристтик потенциалы тууралуу презентация жасады.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова өз сөзүндө Кыргызстан Корея Республикасы менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Элчи соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда кыргыз-корея кызматташтыгынын чоң потенциалын белгиледи. Атап айтканда, санариптештирүү, айыл чарбасы, текстиль жана тоо-кен өнөр жайы, энергетика, транспорт, жашыл экономика, курулуш, билим берүү, туризм жана башкалар кыргыз-корея кызматташтыгынын келечектүү багыттары катары белгиленген.

Корея Республикасы санариптик технологиялар боюнча дүйнөдө алдыңкы мамлекеттердин бири экенин эске алып, Аида Исмаилова инновациялык тажрыйбаны тартууга кызыкдар экенин билдирип, бул жаатта активдүү кызматташууну сунуштады.

Өз кезегинде Korea Telecom (KT) компаниясынын улук вице-президенти Мун Сунгук кыргыз-корей инвестициялык форумун өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосун жогору баалады. Ал белгилегендей, инвестициялык форумдун негизги максаты кореялык бизнести Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен тааныштыруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Кыргызстан КТ боюнча өнөктөш жана кызматташуунун жакшы келечеги бар. Мун Сунгук Кыргызстандын өлкө президентинен баштап карапайым жарандарга чейин ачыктыгы өлкөнүн динамикалуу өнүгүшүнө чоң үмүт берип жатканын баса белгиледи. Ошону менен бирге КТ кыргыз-корей мамилелерин өнүктүрүү үчүн көпүрө болуп, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгараарын белгиледи.

Форумда Кыргызстандын санариптик өнүгүү стратегиясы да сунушталды.

Форумдун алкагында Президенттик Администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн начальниги Алмаз Исанов Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө Кыргызстан өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жана бул жаатта кореялык компаниялар менен кызматташууну динамикалуу өнүктүрүүгө чоң жана артыкчылыктуу маани берерин белгиледи.

Алмаз Исанов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, ошондой эле кореялык тараптан форумдун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Форумдун катышуучулары ар түрдүү тармактарда мындан аркы кызматташуу үчүн эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Кыргыз Республикасынын туризмин туруктуу өнүктүрүү боюнча сессиянын жүрүшүндө Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун директору Елена Калашникова жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын долбоорунун менеджери Аскат Акибаев баяндама жасашты. Мындан тышкары Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында “Кыргыз Республикасындагы Туризмди колдоо фонду” ААК менен Кореянын алдыңкы туроператору “Хана Тур” компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.

Бизнес-форумга Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, түштүк кореялык KT Construction, Omnisystem, Smartro, BC card, KOMSCO, Hana tour ж.б. сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандан келген бир катар компаниялар катышууда.

Кыргыз-корея бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасына инвестиция салууга кызыкдар кореялык компаниялардын Ишкерлер кеңеши түзүлдү.

Связанный пост