Борбор калаанын мэриясы шаардын 39 мектебинде лагерлердин ишин уюштурса, 34 мектепте коомдук тамактануу менен лагерлер уюштурулган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Лагерлер 2023-жылдын 5-июнунан 30-июнуна чейин иштейт. Мектеп лагерлери саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт жана 4285ке жакын окуучуну камтыйт. Учурда лагерлерди ачууга даярдоо иштери жүрүп – эс алууну каалаган окуучулардын тизмелери, […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров дүйнөгө белгилүү “D Billions” чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Команданын курамында топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, ошондой эле аткаруучулар: Исманалиев Бактыбек – Чики (Chiky), Анаркул уулу Асылбек – Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков – Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина. Векуа – Ляля (Lya-Lya). Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб Башчысы […]Читать далее
Кореялык T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы ушул жылдын 11-июнунда Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда. «Манас» эл аралык аэропортунан Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу үзгүлтүксүз каттамдар аткарылат. Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат – учуу дүйшөмбүдө, конуу жекшембиде. «МЭА» ААК аталган каттам боюнча суроолор болсо, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.Читать далее
Президент Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – аким Адиев Каныбек Маматбековичке сөгүш берди. Ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды. Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев маалымдагандай, буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. “Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек. Бул жергиликтүү бийликтин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2023-жылдын 26-майында КР УКМК чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек арасы аркылуу салык төлөмдөрүн төлөбөй жашыруун өтүү менен аткезчилик буюмдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү, ошондой эле аларды мыйзамсыз алып чыгуу каналын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Ак-Жол-унаа жол” өткөрмө пунктунда Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын колдоосу астында мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык жана коомдук уюмдар үчүн “Кыргызстандагы сексуалдык зомбулук жана майыптык: мыйзамдар, саясат, тажрыйбалар жана сот адилеттигине жетүү” аттуу докладдын таанытымы болуп өттү. Басылма Кыргызстандын коомдук уюмдары, майыптыгы бар адамдардын “Равенство” Бирлиги, “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы жана Equality Now (“Равенство […]Читать далее
2-3-июнда Чолпон-Ата шаарында чет мамлекеттердин лидерлеринин катышуусунда эл аралык иш-чаралар
Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Экинчи Саммити өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Саммитке Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Министрлер […]Читать далее
Акыркы бир нече аптадан бери коомчулукта Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин өлкөгө келиши жана журналист Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги кызуу талкуу жаратты. Мурдагы президенттердин айланасындагы акыркы окуялар кезектеги талкууга жем таштады. Көпчүлүк эл сын-пикир айтып, өлкөбүздүн бүгүнкүдөй абалга кептелишине дал ушул адамдар күнөөлүү десе, аларды жактагандар да жок эмес. Бул окуяларга байланыштуу “Кабар” […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык бирлигинин күнүнө караштуу өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү жана ишкерлер менен тегерек стол өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ЕАЭБ алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулап, өз пикирлерин жана сунуштарын айтышты. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан кол коюлган макулдашуулардын оң натыйжаларын белгилеп, анын ичинде товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги отуруму болуп, жыйындын күн тартибине 15 маселе киргизилди. Анда навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарлардын өткөрүлүшүнө көзөмөлдү талаптагыдай камсыз кылуу максатында, навигациялык пломбаларды колдонуу маселелери боюнча МинКабдын айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Министрлер Кабинетинин чечими менен жергиликтүү […]Читать далее