МинКабдын кезектеги жыйыны: “медайымдык иш” жана “акушердик иш” багыттары боюнча бакалавриат жана магистратура программалары киргизилет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги отуруму болуп, жыйындын күн тартибине 15 маселе киргизилди.

 

Анда навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарлардын өткөрүлүшүнө көзөмөлдү талаптагыдай камсыз кылуу максатында, навигациялык пломбаларды колдонуу маселелери боюнча МинКабдын айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди.

 

Министрлер Кабинетинин чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн оперативдүү башкаруусунда турган айрым унаалар Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилди.

 

Ландшафттык жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоону күчөтүү, Ысык-Көл облусунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатында “Ысык-Көл” биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүү киргизилди.

 

МинКабдын дагы бир чечими менен медициналык кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жогорку медайымдык билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, “Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

 

Ага ылайык, “медайымдык иш” жана “акушердик иш” багыттары боюнча бакалавриат программаларын киргизүү пландаштырылууда, окуу мөөнөтү 4 жылды түзөт. Окууну аяктаган соң, медайымдык иш боюнча бакалавр, акушердик иш боюнча бакалавр квалификациясы ыйгарылат.

 

Ошондой эле, “Учкун” ачык акционердик коому менен биргеликте “Типография” мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги документтерин жана атайын мамлекеттик бланктарын даярдоого ыйгарым укук берилди.

 

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды өркүндөтүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында инвестициялар чөйрөсүндө, ошондой эле салык жана бажы тармактарын жакшыртуу максатында айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип кабыл алынды.

 

 

Связанный пост