Президент Садыр Жапаров Акаевдин Кыргызстанга келиши жана Бакиевдин интервьюсу боюнча пикирин билдирди

 Президент Садыр Жапаров Акаевдин Кыргызстанга келиши жана Бакиевдин интервьюсу боюнча пикирин билдирди

Акыркы бир нече аптадан бери коомчулукта Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин өлкөгө келиши жана журналист Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги кызуу талкуу жаратты. Мурдагы президенттердин айланасындагы акыркы окуялар кезектеги талкууга жем таштады. Көпчүлүк эл сын-пикир айтып, өлкөбүздүн бүгүнкүдөй абалга кептелишине дал ушул адамдар күнөөлүү десе, аларды жактагандар да жок эмес. Бул окуяларга байланыштуу “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаров менен маектешти.

— Урматтуу Садыр Нургожоевич, акыркы убакта социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан маселелер боюнча Сиздин пикирди билели дедик эле. Алгач, мурдагы президент Аскар Акаевдин айланасындагы окуяларга токтолсок. Ал киши Кыргызстанга келди дегенде эле ар түрдүү пикирлер айтыла баштады. Негизи Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү өлкөбүзгө ээн-эркин кирип-чыга береби? Аларга тийиштүү органдардын суроо-соболдору калган жокпу?

— Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес экен. Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Ошондуктан “Кумтөрдү” “Центеррадан” талашып жатканда көрсөтмө берип кетиңиз деп атайын чакырганбыз. Камалбасына кепилдик бергенбиз. Кепилдик бербесек дагы камаганга эч кандай юридикалык негиздер жок эле. Келди, сурак берип кетти. Ал кишинин суракта берген көрсөтмөлөрү “Кумтөрдү” Кыргызстанга алганга абдан пайдасы тийди. Анткени ошол мезгилде мамлекет башында турган болчу. Ошол мезгилде кетирген каталарын дагы ушул жерден оңдоп кетти десем болот. Азыр дагы кеч эмес. “Кумтөр” мындан ары дагы 30-40 жыл Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейт. “Кумтөрдүн” алтыны дароо элдин пайдасына иштей баштады. Эмгек акы, пенсия-жөлөкпулдарды дароо эселеп көтөргөнгө жардам болду.

— Көпчүлүк эл өлкөбүздүн бүгүнкүдөй абалга кептелишине дал ушул Аскар Акаев күнөөлүү, анткени ал туура башкарганда мындай болмок эмес дегендей пикирлерди карманып келет. Негизи эле Аскар Акаев юридикалык болбосо да, моралдык жоопкерчиликти сезиши керек беле? Мисалы, окуу жайлардын биринде лекция окуй турганы айтылып, ага студенттер каршы чыгышты.

— Туура. Жарандарыбыздын арасында ошондой сөз кылгандар бар. Эми ал убакта кандай кыйынчылыктар болду, кандай тоскоолдуктар болду, азыр алардын баарына баа берип сындаш кыйын. Анткени ошол мезгилде Союз чачырап, 15 өлкө өз арабаларын өздөрү тартып калган учур болчу. СССР бардык мамлекеттерди бири-бирине байлап койгон экен. Бир эле техника өндүрүүдө керектүү заводдорду ар башка мамлекеттерге куруп коюшкан. Мисалы, бир тетиги бизден чыкса, экинчи тетиги Россиядан чыгат, үчүнчү тетиги Украинадан чыгат. Анан баарын төртүнчү мамлекет жыйнап, чогултуп чыгарат. Ушул сыяктуу чырмалышкан маселелер көп болгон. Союз чачыраганда ошол байланыштар координацияланбай калды да. Бизде эле эмес, көпчүлүк өлкөлөрдө завод-фабрикалар жоюлуп кетти.

Ал эми “Кумтөр” сыяктуу маселеде оң жолду таап, айыл-чарба, мал-чарбачылыктарын чачыратпай сактап калса болмок. Бул өзүбүздөн көз каранды эле. “Иштебеген киши жаңылбайт” дейт. Иштеген киши сөзсүз кемчилик кетирбей койбойт. Жакшы жактарын дагы айтып коюшубуз керек. Биринчилерден болуп улуттук валютабызды жүгүртүүгө киргизген. Бул жерден абдан көрөгөчтүк кылган. Азыркыга чейин биздин валютабыз чөлкөмдөгү күчтүү валюта болуп, кунун жоготпой келе жатат. Бул ошол убактагы абдан чоң жетишкендик болгон.

— Аскар Акаевдин талкуусу бүтө электе журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден интервью алганы ачыкталып, соцтармактарда түмөн ойлорду жаратты. Ушундай жол менен азыркы бийлик Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө жол ачып жатабы?

 Ар бир журналист кимден кандай маек алат, ал анын кесиптик иши жана укугу. Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок.

 Бакиевдер Кыргызстанга келе турган болсо камакка алынабы?

Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек.

— Негизи Жаныш Бакиев, Максим Бакиев жана башка Бакиевдер Кыргызстанга келсе эмне болот? Булар да камалышабы? Бул маселеде Сиздин позицияңыз кандай?

 Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголгон. Издөөдө жүрүшөт. Келсе мен жогоруда айткандай, албетте, камалышат.

Ал эми Башкы прокуратуранын мага берген маалыматтары боюнча Адыл Бакиев, бир тууган иниси Марат Бакиев, Каныбек Бакиевдерге иш козголбоптур. Издөөдө жок экен.

— Кокус Бакиевдер болбой эле Кыргызстанга келебиз, сот аркылуу акталабыз деп калса, бул элдин бөлүнүп-жарылуусуна алып келбейби?

— Отуз жылдан бери бөлүнүп-жарылып жүрүп, мамлекетти чачыратып жибере жаздадык го. Соттун чечимине жана мыйзамдарга баш ийебиз. Жаныш, Максимдерди соттор актап жиберээрине көзүм жетпейт. Анткени алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан.

— Суроолорубузга ачык жооп бергениңиз үчүн Сизге рахмат!

— Ишиңерге ийгилик!

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Связанный пост