Салык кызматы жана бизнес ЕАЭБ алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты

Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык бирлигинин күнүнө караштуу өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү жана ишкерлер менен тегерек стол өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ЕАЭБ алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулап, өз пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан кол коюлган макулдашуулардын оң натыйжаларын белгилеп, анын ичинде товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө, навигациялык пломбаларды колдонуу, электрондук кызмат көрсөтүүлөргө салык салуунун тартиби, электрондук эсеп-фактураны киргизүү жана башкалар боюнча кыскача билдирди. Мындан тышкары, ал бизнес өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

“ЕАЭБ өлкөлөрү менен кол коюлган макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ишин жеңилдетүүгө жана товарлардын эркин жүгүртүлүшү үчүн тоскоолдуктарды жоюуга багытталган”, – деп белгиледи Н.Умтулов.

Жыйынтыгында бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жүк ташуучулардын, анын ичинде транзиттик жүктөрдүн чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктардын жоюлушуна жана ЕАЭБ алкагындагы электрондук навигациялык пломбаларды киргизүү менен контролдук-текшерип кароо иш-чараларынын кыскарышына үмүт артышты. Бул товарларды ташууну кыйла жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

Связанный пост