Коом

Кыргызстанда шаар жана айыл аймактарын ирилештирүү процесси жүрүүдө

Р президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгы менен административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча Жол картасы бекитилген. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.   Жол картасынын иш-чараларына ылайык, Экономика министрлигинин 2024-жылдын 15-январындагы буйругу менен административдик-аймактык реформаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Анын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров “Почта Банкты” түзүү боюнча кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен

Министрлер кабинетинин төрагасы- Акылбек Жапаров “Почта-банкын” ачуу перспективаларын талкуулоо боюнча кытайлык “Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd” компаниясы менен жолугушту. Белгиленгендей, 2023-жылдын 19-августунда «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому менен Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd. ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. 2024-жылдын январында тараптар ортосунда биргелешкен инвестициялоо […]Читать далее

Коом

Немец компаниясы Кыргызстанга 300 млн евродон ашык инвестиция салууга даяр

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Германиянын W. Hass Future GmbH & Co компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.   Ведомстводон билдиришкендей, Темир Сариев менен компаниянын жетекчиси Вальдемар Хасс күн электр станцияларын курууга 300 млн евродон ашык инвестиция салуу, ошондой эле шамал энергетикасы жаатында кызматташуунун потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.   Мындан тышкары, немис тарап Кыргызстандын адистери […]Читать далее

Коом

МСК Бишкектеги “бирдиктүү терезелердин” ишин модернизациялоону аяктады

Салык кызматы Бишкек шаарынын бардык аймактык салык органдарында “бирдиктүү терезени” модернизациялоо ишин ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.   Маалыматка караганда, эми жарандар салык кызматтарын “электрондук кезек” системасынын жардамы менен тейлөө зонасында отуруп, ыңгайлуу шартта ала алышат.   Ошондой эле заманбап инфратүзүмдү жана салык тейлөөчүлөрдү тейлөө стандарттарын түзүү үчүн универсалдуулук принцибин колдонуп, модернизацияланган “бирдиктүү терезелерде” […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: Нарында тергөөчү жана прокуратура кызматкери пара менен кармалды

Нарын облустук милициясынын тергөөчүсү жана Нарын облустук прокуратурасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.   Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жогору аталган кызматкерлер тарабынан кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн пара талап кылгандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. […]Читать далее

Маданият

Кыргызстан менен Казакстан маданият жаатындагы кызматташтыгын тереңдетет

Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн маданият тармагындагы мамилелери, принципиалдуу пикир келишпестиктердин жоктугу, көптөгөн актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча көз караштарынын окшоштугу, тараптардын өз ара мамилелерди бекемдөөгө умтулуусу достук, коңшулаштык, өз ара […]Читать далее

Коом

Унаа жолдордо кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 7-мартта айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлө турганын кабарлайт.   Ведомствонун маалыматына караганда, кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында төмөнкү жолдордо кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлөт:   – Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында; – Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында.   Белгиленгендей, кар […]Читать далее

Коом

Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын Жол картасын ишке

Бишкекте Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин колдоосу менен президенттин Тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев коммерциялык эмес уюмдар, илимий мекемелер жана жарандык коомдун активдүү бөлүгү аркылуу 2023-2027-жылдарга Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр жана Жол картасын аткаруучулар менен эксперттик жолугушууну […]Читать далее

Коом

Быйыл Ош шаарына 300 миңге жакын бак-дарактын көчөттөрү отургузулат

Бүгүн Ошто шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында шаардык автобекет тарабындагы Курманжан-Датка көчөсүнө 60 түп каштан жана туя көчөттөрү отургузулду.   Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөт отургузууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев катышып, быйылкы жылы шаарга 300 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу пландалып жатканын билдирди.   Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 2024-жылы […]Читать далее

Билим

Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалын түзүү маселеси каралууда

2024-жылдын 6-мартында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский жетектеген делегация менен жолугушту.   Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын билим жана илим тармагындагы кызматташуусунун негизги маселелерин талкуулашты.   Министр Догдуркүл Кендирбаева кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди. Министрдин орун басары Константин Могилевский да […]Читать далее