Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын биринчи жыйынында сөз сүйлөдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү да катышты. Алгач БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоонун жыйынтыгы менен тааныштырды, андан соң жаңы шайланган депутаттар ант беришти. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу Кыргыз Республикасынын 8-чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттары! Эң алды менен калың элдин […]Читать далее
Мындан ары өлкөгө келген чет элдик жарандар резидент-карттын негизинде иш алып барышат. Бул тууралуу ТИМдин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулуу ЖМК өкүлдөрүнө уюштурулган брифингде билдирди. Директор белгилегендей, аталган картага чет элдик жарандын өздүк маалыматтары киргизилет. Анын ичинде төмөндөгү маалыттар болот: Чет өлкөлүк жарандын аты-жөнү; Саламаттыгынын көрсөткүчтөрү; Айлык маянасы; Салык төлөмдөрү; Чакыруучу жана иш берүүчү […]Читать далее
КР Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын биринчи сессиясынын биринчи жыйынынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты. Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык алгачкы жыйын парламенттеги жаш курагы боюнча эң улуу депутат Гүлай Машрапованын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат: 1.Кыргыз Республикасынын президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) […]Читать далее
Афганистандын борбору Кабул шаарында Кыргызстандын Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чарага экономика министри Бакыт Сыдыков жана Афганистандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты. Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко илгерилетүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө […]Читать далее
2025-жылы Кыргызстанда 9 600 чет элдик жаран өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Мыйзамдаштыруу министрликтин демилгеси жана өлкө жетекчилигинин колдоосу менен мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге “миграциялык мунапыс” колдонуунун алкагында жүргүзүлдү. “Аталган мунапыс болжол менен 9 600 чет элдик жаранга өлкөдөн чыкпай туруп Кыргызстанда жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берди. Ал эми 1 700дөн ашык […]Читать далее
Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшү 10,3 пайызга чейин жетет деп болжолдоодо. Мындай маалыматтар банктын кезектеги макроэкономикалык баяндамасында келтирилген. Бул Кыргызстандын экономикасы өнүгүүнүн жогорку темпин кармап турганын далилдейт. Аналитиктердин белгилөөсү боюнча, өсүштүн негизги кыймылдаткычтарынын бири — керектөөнүн жогорку деңгээли. Бул көрсөткүч банк кызматтары рыногундагы кредиттик жигердүүлүк менен шартталууда. […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациянын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмени ачып жатып, Адылбек Касымалиев Башкы план борбор калаанын узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык жана аймактык өнүгүүсүн аныктоочу негизги стратегиялык документ болуп саналарын белгиледи. Анын айтымында, долбоорго коомчулуктун кеңири кызыгуусу ачык жана ар тараптуу талкуулоонун, келип түшкөн […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев борбор шаарда бир катар турак жай комплекстеринин курулушунун башталышына арналган аземге катышты. Турак-жай комплекстеринин курулушу Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылууда. Министрлер Кабинетинин башчысы «Тянь-Шань бермети» турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземинде өлкөдө курулуш секторунун активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, жаңы турак жай комплекстеринин курулушунун […]Читать далее
УКМК Нарында мамлекеттик органдар менен биргеликте көмүргө болгон баанын негизсиз жогорулашынын алдын алды. Атайын кызматтан билдиришкендей, 8-декабрда УКМК Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмү жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Кече кенинен (108 тонна) көмүр жүктөлгөн 6 жеке жүк ташуучу унааны кармаган. Алар көмүрдү Нарын шаарында жогорулатылган баада (тоннасына 6000 сом) сатууну пландап жатышкан. Аталган […]Читать далее