Экономика

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 13,7 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек шаарын менен Чүй облусун газдаштырууга 13,78 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган каражатты 110 каржылоо субъектиси алды. Газдаштыруу боюнча насыялоонун жалпы көлөмү 200 млн сомду түзөт. Жеңилдетилген насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар аркылуу берилүүдө. Белгилей кетсек, газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер […]Читать далее

Кадр саясаты

Бексултан Токонов Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигин жетектейт

Токонов Бексултан Тынычбекович министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Бексултан Токонов 1987-жылы туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун бажы органдарында баштап, кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта (Финполицияда) ишин уланткан. Ал жерде […]Читать далее

Кадр саясаты

Тимур Малбашев ээлеген кызматынан бошотулду

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Малбашев Тимур Жарышбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.Читать далее

Аймак

Баткен облусунун жашоочулары 77 пайыз көмүр менен камсыз болду

Баткен облусунун эли 77 пайыз көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облустун калкын арзан баадагы көмүр менен камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдары менен Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын ортосунда келишим түзүлүп, арзан көмүр жеткирүү иштери активдүү уланууда. 25-ноябрда Сүлүктү шаарынан Кызыл-Кыя шаарына жана Кадамжай районунун элине 424 тонна көмүр жеткирилди. […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров жана Владимир Путин Бишкекте Өчпөс отко гүлчамбар коюшту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 25-ноябрда Россия лидеринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарында Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту. Аскердик оркестрдин коштоосунда гвардиячылар мемориалга гүлчамбарларды коюп, андан соң мамлекет башчылар баш ийип, курман болгон баатырларды эскеришти. Гүлчамбар коюу Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен аяктап, үч […]Читать далее

Саясат

Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн, 25-ноябрда мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди. Жогорку мейманды “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген. Перрондо улуттук боз үйлөр тигилип, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөн эл маданиятынын элементтерин чагылдырышты. Андан соң мамлекет башчылар үчүн эки […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстанда аскердик билеттер жана эмгек китепчелери санарип форматка өттү

Президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында аскердик билеттерди жана эмгек китепчелерди санариптештирүүнүн алгачкы жыйынтыктары угулду. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, аскердик билеттерди санариптештирүү процессин ишке киргизүү менен Кыргыз Республикасынын жарандары “Түндүк” мобилдик колдонмосу аркылуу санарип форматта колдоно алышат. Анын айтымында, бул мобилизациялык ресурстарды сапаттуу жана сандык эсепке алуу жана көзөмөлдү күчөтүү үчүн чоң кадам болуп саналат. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Министрлер кабинети мезгилдик жумуштардын тизмесин бекитти

Министрлер кабинети мезгилдик жумуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Мезгилдик жумуштардын тизмесине: айыл чарба жумуштары; кант кызылчасынан кумшекер чыгаруу менен түздөн-түз байланышкан иштер; мал көп союлган мезгилде этти кайра иштетүү менен байланышкан иштер; мөмө-жемиштер, жер-жемиштер жана жашылчалар тегиз бышкан мезгилде аларды жыйноо жана кайра иштетүү […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда Европанын космостук агенттигинин тренинги өтүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырып жаткан KG RESILAND долбоорунун алкагында Европанын космостук агенттиги (ESA) жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен окутуучу тренинг өтүп жатат. Тренингдин негизги максаты — жер деградацияга кабылуу процесстерин аныктоо жана картографиялоо үчүн GMF жана GISAT ыкмалары менен тааныштыруу, ошондой эле жердин начарлашы менен сел агымдарынын кайталануу жыштыгынын өз ара байланышын изилдөө. 25–26-ноябрда […]Читать далее

Экономика

Ишкердикти өнүктүрүү фонду аял ишкерлерге насыя бере баштады

Ишкердикти өнүктүрүү фонду аял ишкерлерге насыя бере баштады. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, насыяны өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармактарында иштеген аял ишкерлер, ошондой эле үлүш ээлеринин кеминде 50%ы аялдар болгон юридикалык жактар ала алышат. Насыя алууга керектүү документтер: жеке жактарда ишмердүүлүк патенти же ишкер катары каттоодон өткөнүн тастыктаган күбөлүк болушу керек; юридикалык жактарда […]Читать далее