Президент Садыр Жапаров 20-21-мартта Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. “Мамлекет башчысы Баткенде И. Ахунбаев атындагы КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кирпич заводдун ачылыш аземдерине, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышат”,-деп айтылат маалыматта.Читать далее
Мамлекеттик кызмат системасын бюрократиядан арылтуу максатындагы Президенттин Жарлыгынын ишке ашырылышына
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Комиссия жогорудагы Жарлыкты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматты дайым карап турат.Читать далее
Кыргызстанда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) расмий түрдө жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып мунай зат (майлоочу майларды кошпогондо), алкоголь жана тамеки продукцияларынан тышкары, товарлардын бардык түрлөрү үчүн ЭТТК милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылды. Ошондой эле 2027-жылдын 1-январынан тартып ЭТТК дары-дармектер жана медициналык буюмдар үчүн милдеттүү түрдө колдонулат. […]Читать далее
Күн мурун Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылында токойдо өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Айтматов райондук №91 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылды. Ошондой эле Бакай-Ата айыл аймагынан 3 кызматкер, 1 экскаватор, КР ИИМден 5 милиция […]Читать далее
Кыргызстанда жарандар автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда алынган кирешелердин салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салык кызматы жарандар автотранспорт каражаттарын ташып келүүдө жана кайра сатууда тапкан киреше салыгынан бошотулгандыгын билдирет. Калкты колдоо жана жарандардын финансылык абалын жакшыртуу, ошондой эле убактылуу финансылык кыйынчылыктарга туш болгондорго жардам берүү максатында салык мыйзамдарына маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди. Кыргызстандын […]Читать далее
Күн мурун, 19-мартта саат 19:16да Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 баллга жеткен. Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Талаа районунун Кара-Ой айылынан түндүк-чыгышка карай 7 чакырым, Кадыралы айылынан түндүк-батышка карай 9 чакырым аралыкта жайгашып, Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, […]Читать далее
Президенттин жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн алдамчы жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан ишкердик субъекттеринин жана чет өлкөлүк инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, инвестициялык долбоорлорду колдоого жана илгерилетүүгө жасалма көмөк көрсөтүүсү үчүн өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталып, бөгөт коюлду. Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ички карама-каршылыктарын жоюу жана Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо процессин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты. Кабыл алынган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту. Адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү, сөз эркиндигин камсыз кылуу, демократиялык институттарды чыңдоо, ошондой эле адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын Башкармалыгы менен кызматташуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстанда демократиялык башкаруу формасын чыңдоо, укуктук мамлекетти куруу, улуттук […]Читать далее
“Автокредитти жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашыруунун тартиби бекитилди
Министрлер кабинети “Автокредитти жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашыруу тартибин тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө тескеме кабыл алды. Тескеме ата мекендик өндүрүштөгү автомобилдерге жана жүк ташуучу коммерциялык транспортко суроо-талапты стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Тескемеге ылайык Финансы министрлигине Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча “Автокредитти жеңилдетилген каржылоо” долбоорун […]Читать далее