Президент

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Нооруз түрдүү элдердин жана маданияттардын ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоодо негизги ролду ойнойт. Бул жаркын майрам азыркы дүйнөдө гуманисттик сезимдерди жаратууга жана бекемдөөгө дем берүүчү үмүттүн символу болуп саналат”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго жана […]Читать далее

Президент

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Чоң толкундануу жана кубаныч менен белгиленип келген бул майрам миңдеген жылдар бою жердин ойгонушун, жаратылыштын жаңылануусун жана адамзаттын жанданышын билдирет. Тамырлаш, түбү бир жана бай улуттук-руханий баалуулуктардан негиз алган Азербайжан менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгү биздин биргелешкен аракеттерибиздин аркасында мындан ары […]Читать далее

Президент

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Кылымдар бою боордош элибиз бул маанилүү жана даңазалуу күндү чоң салтанат жана кубаныч менен белгилеп, жакшы ниеттерге, жакшы пландарга жана максаттарга жетүү үчүн бирге эмгек кылган. Акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулук, ынтымак жана өз ара […]Читать далее

Президент

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Бул биздин элдерди кылымдар бою достук, ынак коңшулук жана өз ара урматтоо салттары менен байланыштырып, жаратылыштын жаңылануусун символдоштурган жаркын майрам. Бул жаз майрамы элдерибиздин тилектештигин бекемдеп, кубанычын жана бакубаттуулугун арттырсын. Нооруздун баа жеткис баалуулуктары мамлекеттер аралык байланыштарды мындан […]Читать далее

Президент

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. “Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Сиз Кытайга мамлекеттик сапар менен барып, IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катыштыңыз. Биз Сиз менен жылуу, достук маанайда […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Нооруз майрамында: Биздин күчүбүз – улуттук баалуулуктарыбыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына катышты. Иш-чара “Жаңы Кыргызстан” тасмасын көрсөтүү менен башталып, андан соң майрамдын мааниси, табият менен адамдын ортосундагы шайкештиктин маанилүүлүгү, ошондой эле жаңылануу жана кайра жаралуу жөнүндө театралдаштырылган оюн-зоок коюлду. Андан кийин Мамлекет башчысы жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоо тексти: “Кымбаттуу кыргызстандыктар! […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаздын жарчысы, жаратылыштагы жаңылануунун белгиси саналган Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз эли эзелтен Нооруз майрамын «Жер бетин жакшылык уялаган күн» деп эсептеп, күн менен түн теңелген убакты жаңы жылдын башталышы катары […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Оштогу “Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде ооз ачар өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” борбордук мечитине барып, намаз окуп, чогулгандардын баарына ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысы мечитке келгендерди ыйык Орозо айы менен куттуктап, анын ыймандын бекемделиши жана сооп иштер үчүн өзгөчө маанисин белгиледи. Ал мусулмандарга орозо кармоодо сабырдуулук, үй-бүлөдө бакубатчылык, […]Читать далее

Коом

Казакстан Кыргызстанга 5 тепловозду акысыз берди

Казакстан Кыргызстанга 5 тепловозду акысыз өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Нооруз майрамынын алдында казак боордошторубуздун белегин кабыл алдык. Президентибиз Садыр Жапаровдун эл аралык мамилени жаңы деңгээлге көтөргөнү, тышкы саясатты жолго коюп, кошуна боордош элдер менен жылуу мамиле куруу саясатынын алкагында бир топ ийгиликтер болуп […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда “Тунгуч” онлайн-мектеби түзүлдү

КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-2028-жылдар аралыгында пилоттук негизде «Тунгуч» онлайн-мектеби түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, демилгенин башкы максаты – географиялык жактан алыс жайгашкандыгына, ден соолугуна же башка себептерге байланыштуу кадимки мектепке бара албай калган окуучуларды сапаттуу билим менен камсыздоо жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу жаңы ыкмаларды өнүктүрүү. Долбоордун […]Читать далее