Коом

Энергетика министрлиги: Өлкөдө электр энергиясын өчүрүү токтоду

Кыргызстанда 8-марттан баштап электр жарыгын жөнгө салуу иш-чаралары токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон кабарлашкандай, анткени аба ырайынын жылышы менен электр энергиянын керектөөсү кыйла төмөндөгөн.   “”Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-мартында өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 млн 117 миң кВт. саатты түзгөн, өткөн […]Читать далее

Спорт

Жоламан Шаршенбеков эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. 7-мартта башталган биринчилик 11-мартта аяктайт.   Спортчу 60 кг салмакта күчүн сынаган.   Шаршенбеков 1/8 финалдагы биринчи […]Читать далее

Спорт

Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы мелдеште алтын медаль тагынды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчу Айсулуу Тыныбекова Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. 7-мартта башталган биринчилик 11-мартта аяктайт.   Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта 1/8 финалдан баштады. Алгачкы беттешинде АКШнын балбаны […]Читать далее

Коом

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда оңдоо жана курулуш иштери

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда оңдоо жана курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аянты 11 268 чарчы метр болгон 3 кабаттуу имаратынын курулушу 1995-жылдан бери, 30 жылдай убакыт бүтпөй келет. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүнчү даражадагы саламаттыкты сактоо […]Читать далее

Коом

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түшүүсү

2024-жылдын 8-мартынан 11-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан эскертишти. Ведомствонун маалыматына таянсак, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүү ыктымалдыгы жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Нурланбек Шакиев айымдарды 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Төраганын куттуктоосу: “Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! Баарыбыз билгендей, кыргыз коомунда аялдын ролу өзгөчө. Эгемен мамлекетибиздин пайдубалын эркектер менен эриш-аркак аялдарыбыз да түптөшкөнүн сыймыктануу менен айта алабыз. […]Читать далее

Uncategorized @kg Коом

Самолетко билет баалары жогорулаган жок

Самолетко билет баалары жогорулаган жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-март күнү жүргүнчүлөрдү ташуучу ички каттамдарды ишке ашыруучу авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууда маалым болду. Республика ичиндеги авикаттамдарга билеттердин баасы боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования дарегине келген кайрылууларга байланыштуу отурум өткөрүлгөн.. Жолугушууда авиакомпаниялар тарабынан алардын ишмердүүлүгү жана авиабилеттердин баасы жогорулабагандыгы тууралуу маалымат берилди. Сатуу […]Читать далее

Президент

Президент өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен

Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. “Ак саамайлуу апалар жана ажарлуу эже-карындаштар! Асылзат айымдар! Сиздерди Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Бул күн – Аялзатынын ажары менен адебинин, абийири менен ар-намысынын, сырткы жамалы менен ички жан дүйнөсүнүн сулуулугунун символу. Эзелтен аялзатына өзгөчө мамиле жасап, мээримин төккөн, […]Читать далее

Президент

КРнын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасын бекитүү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу Жарлыкка кол койду.   Программа аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталган.   Бул программанын максаты мамлекеттик саясаттын гендердик теңчилик жаатындагы артыкчылыктарын белгилөө […]Читать далее

Президент

Президент Сауд Аравиянын тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжини

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, Кыргызстанга иш сапары менен келген Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурейжини кабыл алды.   Анда өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.   Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Сауд Арабия Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого […]Читать далее