Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесин карады. Жыйында “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үч окуудан жактырылды. Эл өкүлдөрүнүн 65и “макул”, 18и “каршы” добушун берди.Читать далее
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесин карады. Жыйында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору дароо үч окуудан жактырылды. Депутаттардын 64ү “макул”, 19у “каршы” добушун берди.Читать далее
“Каракол” эл аралык аэропортунда курулуш жана монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аэропорттун жаңы бекетинин имараты курулуп баштады, аэробекеттин пайдубалын куюу боюнча иштер аткарылып бүттү. Алдыда аэродромдун элементтерин реконструкциялоо – анын ичинде учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу, жана жарык белги берүүчү […]Читать далее
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетти» деген маалыматтар жалган экенин айтты. «Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан жер аянты жана компенсация катары алынган жер аянттары толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылып, жазылды. “Орто-Токой өтүп кетти” деген сөздөрдүн баары жалган. Өзүбүздө калды, биздин жер, биздин платинабыз”, — деди Ташиев. Орто-Токой суу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынына катышууда. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесине чекит коюу керек болгон тарыхый күн экенин белгиледи. Буга байланыштуу Садыр Жапаров жалпы өлкө үчүн тарыхый жана жооптуу […]Читать далее
Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкекте 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланууда. Жыйын президент Садыр […]Читать далее
Бүгүн 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Министрлер Кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланууда. Жыйын Президент […]Читать далее
Жаңы талаптарга ылайык, фискалдык модулдук функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды 2022-жылдын 31-декабрына чейин гана колдонууга болорун Мамлекеттик салык кызматы эскертет. 2022-жылдын 1-майына чейин катталган жана колдонулуп жаткан ККМдин эски моделдери белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендиктен, аларды 2023-жылдын 1-январына чейин алмаштыруу (модернизациялоо) зарыл. 2023-жылдын 1-январынан тартып белгиленген техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ салык органдары тарабынан мажбурлоо жолу менен […]Читать далее
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында бир катар министрлер жогорку трибунадан ант беришти. Мамлекет башчынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда министрлер кабинетинин төмөнкү мүчөлөрү ант беришти: – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; – саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова; – транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев; – энергетика министри Таалайбек Ибраев; – маданият, маалымат, спорт жана жаштар […]Читать далее
Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин алдындагы Азия Маданий Борборунун өкүлдөрү Улуттук тарых музейинин маалымат системасын ишке киргизүү үчүн техникалык жабдууларды жана материалдарды Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине тапшырды. Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Джэнин катышуусунда өттү. […]Читать далее