Улуттук тарых музейинде 13-декабрь күнү белгилүү тарыхый ишмер Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналган “Канай уулу Байтик баатырдын жашаган доору, ишмердүүлүгү, тарыхта ээлеген орду” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов өз сөзүндө “Бүгүн биз Кыргыз элинин, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечегине эбегейсиз зор салымын кошкон Байтик баатырдын […]Читать далее
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 10-декабрь күнү гиря боюнча эркектер арасында Республикалык чепионаты жыйынтыкталды. Мелдешке аймактардан келген жалпы 60 тан ашык спортчу катышты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Юниорлор: 58 кг 1-орун – Темирлан Мурасбек уулу; 2-орун – Канболот Маматкалиев; 3-орун – Кутман Кенжебеков. 63 кг 1-орун – Чыңгыз Аманбеков; 2-орун – Бекмамат Кадиров; 3-орун – Асадбек […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-декабрда, Улуттук телерадиоберүү корпорациясын (УТРК) 90 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчысы бул окуяга арналган салтанаттуу иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи: «Урматтуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери! Улуттук телеканалга өз өмүрүн арнаган ардактуу ардагерлер! Кымбаттуу мекендештер! Улуттук телерадиоберүү корпорация дээрлик бир кылымга тете тарыхты артка калтырып, өлкөбүздө радио жана теле тармагы […]Читать далее
Чүй облусунун Аламүдүн районунда окуучулар арасында курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоонун күчөшүнөн улам алты мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, төмөнкү мектептер убактылуу жабылды: – Жогорку Ала-Арча орто мектеби; – Төмөнкү Ала-Арча орто мектеби; – №1 орто мектеп; – №2 орто мектеп; – Ж.Бердыбеков атындагы жалпы билим […]Читать далее
Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректорунун кызматына сынак жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору бош кызмат ордуна сынак жарыялайт. ЖОЖдун ректору кызматына квалификациялык талаптар: 1) жогорку кесиптик билим; 2) окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын болушу (илимдин кандидаты/доктору, доцент); 3) илимий же илимий-педагогикалык иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес. Документтерди кабыл алуунун башталышы: […]Читать далее
Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева өлкө боюнча жаш балдар арасында дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөп жаткандыгына байланыштуу райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү. Бүгүнкү күнгө алынган маалымат боюнча республикадагы мектеп, бала бакчаларда балдардын катышуусу 90% дан жогору. Жыйында министрдин орун басары оорунун алдын алуу үчүн […]Читать далее
Транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Ведомстводон кабарлашкандай, Талантбек Солтобаев министрдин биринчи орун басары, ал эми Ырысбек Бариев министрдин орун басары болуп дайындалган.Читать далее
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында гала-концерт менен коштолду. Аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Владимир Осинцев жана Саха Республикасынын Маданият жана руханий өнүгүү министри Юрий Куприянов катышты. Эриш-аркак жылы 2020-жылдын башында Москва шаарында башталган. Алтынбек Максутов […]Читать далее
Акылбек Жапаров жана «Mubadala Investment Company» альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү маселесин
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын алкагында «Mubadala Investment Company» компаниясынын башкы директорунун орун басары – башкаруучу директору Хомад Аль Шиммари менен жолугушту. Жолугушууда Кыргыз Республикасында альтернативдик энергетиканы, туризмди, курулушту, логистиканы, телекоммуникацияларды жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө ири инвестиция тартуунун келечеги талкууланды. Министрлер Кабинетинин башчысы республика эмираттык компаниялардын экономиканын бардык тармактарында […]Читать далее
Кыргызстанда бир жумада, 5-11-декабрга чейин, COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, эки бейтап – ооруканага жаткырылган, сегизи амбулатордук дарыланууда. Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча […]Читать далее