Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш аземи уюштурулду

 Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш аземи уюштурулду

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында гала-концерт менен коштолду.

Аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Владимир Осинцев жана Саха Республикасынын Маданият жана руханий өнүгүү министри Юрий Куприянов катышты.

Эриш-аркак жылы 2020-жылдын башында Москва шаарында башталган.

Алтынбек Максутов аземдин катышуучуларын куттуктап, ортодон пандемия орун алып, өзүнүн ондоп-түзөөлөрүн киргизгенине карабастан, үч жылдын ичинде эки элдин раханий азык алышына багытталган маданий иш-чаралардын комплекси ишке ашырылганын, андан тышкары эриш-аркак жылдын алкагында ар кандай спорттук, туристтик жана гуманитардык мүнөздөгү башка иш-чаралар өткөрүлгөнүн айтып, бул иш-чаралардын циклин жабуу мен үчүн сыймык-деп баса белгиледи.

Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Владимир Осинцев куттуктоо сөзүндө, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоодо жана бардык тармактардагы кызматташууну өнүктүрүүдө маданият негизги ролду ойнорун белгилеп өттү. Сөзүн жыйынтыктап жатып, эриш-аркак жылы Россия менен Кыргызстандын элине көптөгөн жаркыраган иш-чараларды тартуулаганын, мындан ары да эки элдин ынтымагы, достугу арта беришин каалады.

Гала-концертте М.Е. Пятницкий атындагы мамлекеттик академиялык орус элдик хору, Адыгей мамлекеттик академиялык “Нальмэс” элдик бий ансамбли, С.А. Зверев-Кыыл Уола атындагы Саха Республикасынын улуттук бий театры өз өнөрлөрун тартуулашты. Россиянын ар аймагынын бийлеринин попурриси көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Концертти Кыргыз мамлекеттик «Ак-Марал» бий ансамбли дагы коштоду.

Россиянын Н.П. Осипов атындагы Улуттук академиялык элдик аспаптар оркестринин солисти Александр Николайчук балалайкада, Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбилинин солисти Элеман Каныбеков комузда виртуоздук кол ойнотууну жогорку чеберчиликте көрсөтүштү.

Связанный пост