Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.Читать далее
Бүгүн, 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Мамлекеттик салык кызматы ушуга байланыштуу салыкты төлөй элек жарандарды бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга чакырат. Салыкты банктардын кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот. Кеңири маалыматты 116 номери […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Урматтуу агай-эжейлер! Урматтуу жеткинчектер, окуучулар жана студенттер! Кымбаттуу ата-энелер! Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктайм. Бул күнү окуучу, мугалим, ата-эне – баарында келечекке жаркын […]Читать далее
Бүгүн, 31-августта, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Масштабдуу иш-чарага республиканын бардык аймактарынан коноктор чакырылган. Жайлоодо 19-кылымдагы кыргыздардын көчмөн конушун чагылдырган боз үйлөрдүн этношаарчасы жасалды. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова этношаарчаны кыдырып, анда аларга устачылык […]Читать далее
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. “Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Тарыхтагы бул өзгөчө учур бизге бир үй-бүлөдөй ынтымакта иштөө зарылдыгын эскертет. Ар бир өлкө өзүнүн улуттук чек араларынан алыс болгон – COVID-19 пандемиясынан […]Читать далее
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. “Дос жана бир тууган Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган өлкө катары, акыркы 30 жыл аралыгында Кыргызстандын ар бир тармактагы жетишкендиктерине кубануу жана сыймыктануу менен көз салып келе жатабыз. Биз алдыдагы мезгилде, жалпы кызыкчылыктарыбыздын негизинде биргелешкен […]Читать далее
Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джозеф Байден Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. “Америка элинин атынан Кыргыз Республикасын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасы биргелешип көп нерсеге жетишти, бирок мен биздин эң сонун күндөрүбүз али алдыда деп ишенем. Ушул татаал мезгилде эки тараптуу байланыштарды […]Читать далее
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады “Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата менин эң жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүп жатат. Ар түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуу, ЕврАзЭС, ЖККУ, […]Читать далее
“Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды”, – деп белгиледи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыыгна карата мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатында сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө. Мамлекет башчысы белгилегендей, быйыл жалпы аракет менен мамлекеттин, улуттун жана мамлекеттин кызыкчылыгы чечкиндүү түрдө корголду. “Быйыл жалпы аракетибиз менен мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн бекем туруп, […]Читать далее
«Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт», – деп билдирди Кыргызстандын президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Чуңкурчак жайлоосундагы өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктоосунда. Мамлекет башчысы быйыл эгемендүүлүктүн 31 […]Читать далее