2023-2027-жылдарга өлкөнүн жаңы стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду

 2023-2027-жылдарга өлкөнүн жаңы стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргыз Республикасындагы БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) өлкөлүк директору Кожиро Накай 2023-2027-жылдарга карата БУУ ДАТПнын Өлкөнүн жаңы стратегиялык планын (ӨСП) ишке ашыруу боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

«Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын келерки беш жылга карай өлкөлүк стратегиялык планы Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттарга жана милдеттерге шайкеш келет. Министрлер Кабинети, бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Меморандумга ылайык, долбоорлорду жеринде ишке ашырууда өз убагында административдик жана материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтөт деп ишендирип кетким келет», — деди Эдил Байсалов.

Связанный пост