Кыргызстанда 30-мартта Орозо айт майрамы белгиленет. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан маалымдашкандай, бул күнү Орозо айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат. Айт намаздын программасы: Мечиттерге чогулуу саат 06:15те башталып, 07:30га чейин баяндар айтылат. Саат 07:30да Орозо айт намазы окулат.Читать далее
Кыргызстандын жарандары эми ID-паспортун мамлекеттик мекемелерге барбастан онлайн алмаштыра алышат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урмат Камбаров билдирди. Анын айтымында, жаңы кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, узун кезектерден арылтууга жардам берет. «Биз жарандар үчүн ыңгайлуу жана заманбап кызматты ишке киргиздик. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу арыз тапшырып, фото-идентификациядан өтүп жана мамлекеттик төлөмдү […]Читать далее
Таласта 7 миңден ашык акылдуу эсептегичтерди орнотулуп бүттү. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Талас электр тармактар ишканасы 2025-жылдын ичинде Манас, Бакай-Ата, Айтматов жана Талас райондорунда жалпы 36 742 даана акылдуу эсептегич орнотуу иштерин баштады. Талас районунун тургундары үчүн 10 842 даана, Манас районунда 5 600 даана, Бакай-Атада 7 800 даана жана Айтматов районунда 12 500 даана акылдуу […]Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районундагы жаңыланган оорукананын ачылыш аземине
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Аксы районундагы иш сапары Нарын айылында уланып, Р.Батырбеков атындагы оорукананын Терапия жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземине катышты. Аксыдагы иш сапары учурунда оорукананы жаңылоо маселеси жергиликтүү эл тарабынан көтөрүлүп, имараттын абалы менен таанышып кеткенин эске салган Төрага: “Калкты сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоо үчүн оорукананы оңдоо ишин жеке […]Читать далее
Президенттин Администрациясында пайдалуу кендерди иштетүүнү өнүктүрүү стратегиясы талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерин иштетүүнү өнүктүрүү стратегиясын талкуулаган жыйын болуп өттү. Жыйында өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул багыттагы иштердин негизги багыттары жана артыкчылыктуу багыттары белгиленди. “Пайдалуу кендер – бул технологиялык жана экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Энергиянын […]Читать далее
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси “Түндүк” тиркемесине жаңы функцияны иштеп чыгууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк жарандардын аралыктан эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталып, батир алуу үчүн арыз тапшыруусуна шарт түзөт. “Биз жарандардын мамлекеттик мекемелелер менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө умтулабыз. Бул функциянын жардамы менен ипотекалык компанияга катталуу тез жана […]Читать далее
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусунун Аксы районуна иш сапары менен барды. Алгач Төрага Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылына курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салды. Төрт миңге жакын калк жашаган аймакта бала бакча жоктугунан жергиликтүү эл балдарын Шамалды-Сай шаарына алып барууга аргасыз. Натыйжада 100 орундуу бала бакчанын долбоору иштелип чыгып, бүгүн […]Читать далее
1-апрелден баштап бардык бажы органдарында электрондук документ жүгүртүү системасы иштей баштайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин бул система борбордук аппаратта гана жер-жерлерде иштесе, азыр бардык жерде ишке ашырылды. “Ал 1-апрелден тарта толук кандуу иштей баштайт. Укук коргоо органдарынын өзүнүн инфодокс системасы бар, биз […]Читать далее
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору алмашты. Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Примов Алмазбек Абдыакимович берген арызынын негизинде министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлугунан бошотулду. Ал эми президенттин башка тескемесине ылайык, Малбашев Тимур Жарышбекович Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директор болуп дайындалды.Читать далее
Учурда Ысык-Көл облусундагы ак куулардын өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, окуя болгон жерге экологдор жана ветеринардык кызматтын өкүлдөрү барып, өлгөн канаттуулардан лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгү алышты. Мындан тышкары, экологдор көлдүн жана анын айлана-чөйрөсүнүн абалын комплекстүү текшерип, браконьерлик фактыларын аныктоо максатында […]Читать далее