Бүгүн, 2022-жылдын 25-июлунда Жогорку соттун басма сөз борборунда Жогорку соттун судьялары Күмүшбек Жоомартов менен Инара Гилязетдинова К. аттуу аялды зордуктоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө беришти. Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 2020-жылдын 22-июлундагы өкүмү менен Т. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү менен (2017-жылдын 2-февралындагы Мыйзамдын редакциясына ылайык) үч жылдык мөөнөткө түзөтүү […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропорту ААК 2022-жылдын жай мезгилинде «Ош» эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болорун тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, төмөнкү багыттар боюнча учууга болот: Россия Avia Trafic Company авиакомпаниясы: • Ош-Москва-Ош – жумасына 14 жолу; • Санкт-Петербург-Ош-Санкт-Петербург – жумасына 2 жолу; • Ош-Иркутск-Ош – жумасына 1 жолу; • Ош-Красноярск-Ош – жумасына […]Читать далее
Кыргызстанда 18-24-июль аралыгында COVID-19дун 981 учуру аныкталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти. Алардын ичинен 910 адам амбулатордук дарыланууда, 71и ооруканада жатат. Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 202 миң 685 учуру катталган, 100 миң калкка оорунун 3061,5 учуру туура келет.Читать далее
Бишкек шаарынын экологиясын жакшыртуу максатында шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы мончолорду текшерүүдө. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, рейд учурунда мончо ээлерине тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) жагууга тыюу салуу боюнча 13 эскертүү берилип, ошондой эле газга өтүү сунушталды. Инспекция тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурда менчигинин түрүнө карабастан, “Бузуулар […]Читать далее
Мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге 1-4 миң сомдон төлөп берүү пландалууда. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдиргендей, ЖРТда жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында жакшы окуган студенттерге акчалай төлөмдөрдү төлөп берүү каралууда. “Мугалимдик кесиптин 1-курсунда жакшы окуган студентке 1 миң сом, 2-курста 2 миң сом, 3-курста 3 миң […]Читать далее
Кыргызстандын музей фонду 1 миң 612 экспонат менен толукталды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын алты ай аралыгында 326 экспонат реставрациядан өткөрүлдү. “2022-жылдын алты айында өлкө аймагынан тышкары төрт, ал эми өлкө ичинде алты көчмө көргөзмөлөр өттү”, – деди ал.Читать далее
Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун жаңы 128 учуру катталды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. Анын айтымына караганда, Бишкек коронавирус боюнча “сары аймакка” кирди. Министр бирок эпидемиологиялык абал туруктуу экендигин айтты. «Кооптонууга негиз жок. Эгерде зарыл болсо, жарым-жартылай чектөөлөр киргизилет», – деди ал.Читать далее
Кыргызстанда маймыл чечеги катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, оору аныкталса санитардык-эпидемиологиялык кызмат жана саламаттыкты сактоо системасы ыкчам чара көрүүгө даяр.Читать далее
Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан коон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан Кыргызстандын аймагына кирүүдө К.У.О. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Ford Transit үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унааны текшерүүдө салмагы 1200 кг, наркы 30 миң сомду түзгөн коон табылган. К.У.О. коонду Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө […]Читать далее
Бишкек мэриясы аптаптуу ысыкта эмне кылуу керек экендиги тууралуу бир катар кеңештерди берди. Мүмкүн болсо, күндүн эң ысык маалында күн нурунан алыс болуп, көлөкөдө болууга аракет кылыңыздар. Ысыктан сактануу үчүн баш кийим жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиздер. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келиши мүмкүн. Суюктукту көбүрөөк ичиңиздер: газсыз […]Читать далее