Коом

Чоң-Алайда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи завод курулат

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи завод курулат. Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, учурда тиешелүү жабдыктар келип баштады. Аталган заводко Чоң-Алай районунун Региондорду өнүктүрүү фонду тарабынан 10,4 млн сомдук долбоор жактырылган. Бул долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ош облустук өнүктүрүү фондунан кошумча 6 млн сом бөлүнгөн. Заводдон темир-бетон мамыча, […]Читать далее

Медицина

Шаардык бейтапканаларга 7 атайын унаа тапшырылды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жергиликтүү бюджеттин каражатына сатылып алынган үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн 7 автомашинанын ачкычын тапшырды. Бишкек шаарынын көчмө амбулатордук баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы бейтаптын жашаган жери боюнча медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган жана үй-бүлөлүк дарыгердин жана тар адистердин кеңешин, диагноз коюуга, дарылоого, реабилитациялоого жана паллиативдик жардамга багытталган медициналык кийлигишүүлөрдү […]Читать далее

Коом

Кыргыз танкисттери “Танк биатлону-2022” сынагына даярданууну баштады

Кыргыз танкисттери “Танк биатлону-2022” эл аралык сынагына даярданууну баштады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн командасы “Алабино” тактикалык-окуу комплексине келди. “Учурда танк экипаждары сооттехникасын кабыл алып, бир сыйра жүргүзүп байкоо жана анын куралдарынан текшерип атууларды аткарышты, ошондой эле алдыдагы мелдешүүнүн маршрутунун жана анын өзгөчөлүктөрү менен таанышты”, – деп […]Читать далее

Маданият

Элчи Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Маданият министри менен жолугушту

3-августта Кыргызстандын элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын маданият министри Анар Каримов менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тактап айтканда, тараптар дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана […]Читать далее

Коом

“Жалал-Абад” аэропортун шаар ичинен көчүрүү пландалууда

“Жалал-Абад” аэропортун көчүрүү аракети каралууда, – деп билдирет президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Туркиянын Анталия шаарында иш алып барган “Лиманталия Гайрименкул иншаат туризм” компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Тараптар Жалал-Абад облусунун аймагында саламаттыкты сактоо, курулуш жана туризм тармагында иш алып баруу демилгелерин талкуулашты. […]Читать далее

Дүйнөдө

Пекинде Төртүнчү Консультативдик жолугушуу боюнча брифинг өттү

2022-жылы 3-августу ШКУнун Пекиндеги Катчылыгынын базасында Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин DECA жетекчилигинин жана өкүлдөрүнүн, Кытайда аккредитацияланган дипломатиялык корпустун, эксперттик коомчулуктун, кытай жана эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбордук Азиянын Мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу тууралуу брифинг өттү. Иш-чарага Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин, Пекинде аккредиттелген дипломатиялык корпустун, Кытайдын […]Читать далее

Медицина

Казакстанда өткөн суткада 2792 адамдан илдет табылды

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 792 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 847, Алматы шаарында – 435, Шымкент шаарында – 41, Акмоло облусунда – 123, Актөбе облусунда – 70, Алматы облусунда – 57 Жетысу облусу – 122, Атырау облусунда – 63, Чыгыш-Казакстан облусунда – […]Читать далее

Коом

Муниципалдык инспекция рейддик иш-чараларды күчөттү

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Инспекторлор май куюучу жайлардын администрациясы менен жанаша жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жалпысынан 21 пунктту текшердик. Анын ичинен 6 объектинин жанаша жайгашкан аймагынын абалы канааттандырарлык эмес. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” […]Читать далее

Коом

Бишкек мэриясында жаңы ишкана ачылууда

Суу чарба объекттерин өнүктүрүү жана натыйжалуу башкаруу, Бишкек шаарынын сугат суу менен камсыздоо тутумун жакшыртуу максатында муниципалдык ирригациялык курулмалардын жана гидротехникалык курулмалардын бирдиктүү балансын кармоочуну аныктоо, ошондой эле аткаруучунун жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын эске алуу менен калааны сугат суу менен камсыздоо, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарды, скважиналарды калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча маселелерди чечүүнү тездетүү үчүн  борбор […]Читать далее

Медицина

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны азайгандыгы байкалууда

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны азайгандыгы байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды алдын алуу жана эпиемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди. Анын айтуусуна караганда, 2020-2021-жылдарга салыштырмалуу бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал кооптонууну жаратпайт. “Бейтаптардын 80-90 пайызында оору жеңил өтүп, амбулатордун дарыланышууда. Илдеттен каза болгондор катталган жок”, – […]Читать далее