Чоң-Алайда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи завод курулат

 Чоң-Алайда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи завод курулат

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи завод курулат. Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, учурда тиешелүү жабдыктар келип баштады. Аталган заводко Чоң-Алай районунун Региондорду өнүктүрүү фонду тарабынан 10,4 млн сомдук долбоор жактырылган.

Бул долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ош облустук өнүктүрүү фондунан кошумча 6 млн сом бөлүнгөн.

Заводдон темир-бетон мамыча, бетон латоктор, пескоблок, брусчатка жана башкалар чыгарылат.

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан кошумчалашкандай, аталган заводду ушул жылдын август айынын аягына чейин ишке берүү пландаштырылууда

Связанный пост