Пекинде Төртүнчү Консультативдик жолугушуу боюнча брифинг өттү

 Пекинде Төртүнчү Консультативдик жолугушуу боюнча брифинг өттү

2022-жылы 3-августу ШКУнун Пекиндеги Катчылыгынын базасында Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин DECA жетекчилигинин жана өкүлдөрүнүн, Кытайда аккредитацияланган дипломатиялык корпустун, эксперттик коомчулуктун, кытай жана эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбордук Азиянын Мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу тууралуу брифинг өттү.

Иш-чарага Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин, Пекинде аккредиттелген дипломатиялык корпустун, Кытайдын илимий чөйрөлөрүнүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Элчи К.Бактыгулова жогорудагы жолугушуунун эң маанилүү жыйынтыктары жана тарыхый мааниси боюнча кеңири маалымат берди. Атап айтканда, беш өлкөнүн президенттеринин аймактагы туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин туруктуу жана прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында өз күч-аракеттерин бириктирүү боюнча макулдашуусу белгиленди.

Төртүнчү Консультативдик жолугушуу аймактагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүдө дагы бир жемиштүү кадам болду. Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда 21-кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү үчүн достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлуп, аймакта практикалык кызматташуу боюнча концептуалдык документтер бекитилди: 2022-2024-жылдарга аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы, Борбордук Азия үчүн «Жашыл күн тартиби» Регионалдык программасы жана көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясы.

Связанный пост