Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны азайгандыгы байкалууда

 Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны азайгандыгы байкалууда

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны азайгандыгы байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды алдын алуу жана эпиемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 2020-2021-жылдарга салыштырмалуу бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал кооптонууну жаратпайт.

“Бейтаптардын 80-90 пайызында оору жеңил өтүп, амбулатордун дарыланышууда. Илдеттен каза болгондор катталган жок”, – деди ал.

Андан тышкары, Оторбаев кошумчалагандай, көпчүлүк учурда 30 жаштан 60 жашка чейинки активдүү курактагы жарандар ооруп жатат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда өткөн аптада (25нен 31-июлга чейинки аралыкта) коронавирустун жаңы 1 миң 91 учуру катталган.

Связанный пост