Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министр Азамат Жаманкулов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт федерациясынын президенти Неджмеддин Билал Эрдоган менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда тараптар сентябрда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктарды талкуулашты. Билал Эрдоган өз кезегинде учурда Түркия тараптын даярдыктары тууралуу кыскача айтып, Кыргызстан тарапты күтүп алууга даяр экендигин […]Читать далее
8-14-август аралыгында Чүй районунун аймагында “Кара куурай” коддук аталыштагы ыкчам алдын алуучу иш-чаранын 2-этабы өткөрүлдү. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Чүй районунун Арал айыл өкмөтүнүн айыл башчысы менен биргеликте Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Арал айылынын чыгыш тарабында жайгашкан аймакта жапайы өскөн кара куурай орулуп, тазалоо иш-чаралары өткөрүлүп, болжол менен 200 […]Читать далее
Казак жана дүйнөлүк адабият классиги, XX кылымдын залкары Мухтар Ауэзовдун алтын медалы менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Кыргызстандын адабият, илим, искусство, маданият жаатында эмгеги сиңген бир катар инсандарды сыйлады. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстандан төмөнкүлөр сыйланды: 1. Чолпон-Ата шаарындагы Мухтар Ауэзов үй-музейинин директору Саламат Табышова, музей кызматкери Манат […]Читать далее
Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулу Болот Борбиевдин Kyrgyz Community Center аттуу кыргыз коомдук борборунун базасында Чикагодогу кыргызстандык коомдук диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жолугушуу жарандарды жаңыдан түзүлгөн Башкы консулдуктун иши менен тааныштыруу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, экономикалык дипломатия, маданият, туризм, Кыргызстанга […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада (34th IOI 2022 Indonesia) Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. International Olympiad in Informatics – бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. […]Читать далее
14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы билдирди. Киркомстром аймагындагы акыркы аялдамадагы оңдоо иштерине байланыштуу 2022-жылдын 15-августунан 20-августуна чейин №14 троллейбус Бейшеналиева-Москва-Фучик көчөлөрү менен жүрөт. Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт!Читать далее
Жайкы каникул мезгилинде жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында косметикалык оңдоо иштери каралган: актоо – коридорлорду, тепкичтерди, окуу жана административдик кабинеттерди, актовый жана спорт залдарын, коомдук тамактануу бөлүмдөрүн сырдоо; жылытуу жана суу менен камсыз кылуу системаларын оңдоо, чатырларды жабуу, бүтөө иштери. 2022-жылга карата курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык, “Билим […]Читать далее
Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, издөө иштери сууга чөгүп кеткен адамдарды издөө 20-күнү токтотула турган куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде токтотулат. “ӨКМдин куткаруучулары жана суучулдар 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болгон жок. Издөө […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жетим-Тоого байланыштуу кайрылуу жасады. Мамлекет башсычынын кайрылуусунда мындай деп жазылат: “Урматтуу кыргызстандыктар! Жакындан бери социалдык түйүндөрдү карасам, Жетим-Тоону “коргогучтар” болуп чыга келген жарандарыбыз элге кайрылуу кылып, өздөрүн “баатыр” көрсөтүп, элди “көтөрүлгүлө” деп чакырык жасап жатышыптыр. Ушундан улам элге толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер […]Читать далее
16-17-августта Бишкектин айрым райондорунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №83 турак жайдын электр энергияга кошулуусуна байланыштуу 8-кичи райондогу №47 үйдүн насостук станциясын өчүрүү зарыл. Ага байланыштуу эртең, 16-августта саат 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү турак жайларда таза суу берүү токтотулат: 8-кичи район. №45, №46, №47, №45/1, №46/1, №46/4; Токомбаев […]Читать далее