Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы болду. Бул тууралуу ВВС басылмасы жазат. Эскерте кетсек, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Шотландиядагы Балморал сепилинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, кечээ дүйнө салган. Ханыша каза болгон учурда британдын таажысы дароо жана эч кандай салтанаты жок анын мураскору, Уэльстин мурдагы ханзаадасына өткөрүп берилди.Читать далее
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, куттуктоодо мындай деп айтылат: “Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн өзгөчө символу — комуздун күнү менен куттуктайм! Биздин элибиз үчүн комуз — жөн гана салттуу музыкалык аспап эмес, маданиятыбыздын туу чокусу „Манас“ эпосу менен катар, бабалардын даңктуу жолун урпактарга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж. Кулубаев Сауд Араб Падышалыгынын Тышкы иштер министри Ханзаада Файсал бин Фархан Аль-Сауд менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, алардын жолугушуусу «Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия» стратегиялык диалогунун алкагында өттү. Тараптар эки эки өлкөнүн мамилелеринин бийик деңгээлин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, […]Читать далее
Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болду. Бул тууралуу BBC жазды. Елизавета II Шотландиядагы Балморал сепилинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон, ал жакка буга чейин ханышанын үй-бүлөсү мүчөлөрү чогулган. Өлкөнү 70 жыл аралыгында башкарып турган Елизавета II 96 жашында дүйнө салды.Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыш иштери, алардын алдын алуу жана мындай кылмыштарга баргандарга жаза берүү маселеси боюнча өз пикирин билдирди. Мамлекеттик катчынын билдирүүсү: “Ушу тапта эрезеге жетелек балдарга карата нарк-насилге жатпаган, салт-санаага сыйбаган оор кылмыштар менен жосунсуз жоруктардын кескин өсүп жатышы коомчулукту абдан тынчсыздандырууда. Мен жакында эле аялдарга жана балдарга […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана БУУ Калкты жайгаштыруу фондунун (UNFPA) өлкө боюнча директору Ронни Линдстром биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Эдил Байсалов UNFPA өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчисин кызматка дайындалышы менен куттуктап, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан өлкөбүзгө көрсөтүлүп жаткан колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда алтын куйма кармап түшкөн бир тууганы Сабыр Жапаровдун талкуу жараткан сүрөтүнө түшүндүрмө берди. Мамлекетке тиешелүү алтындарга менин бир туугандарым эле эмес, мен дагы жолой албайм. Өткөн жылы “Кумтөрдү” кайтарып алуу процесси жүрүп жатканда Теңгиз мырзага: “Кимдир бирөөлөрдү гана эмес, мени дагы укпагын, ар […]Читать далее
Бүгүн, 8-августта Нарын шаарында “Ыйман” бала бакчасынын 50 орундуу кошумча корпусу ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, аталган корпустун курулушу ушул жылдын апрель айында башталган. Нарын облусунда мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү долбоорунун алкагында курулуп жаткан имарат MSDSPI KG коомдук фонду тарабынан 4 млн 901 миң сомго каржыланып, буга […]Читать далее
Күздүн келиши менен жалбырактарды массалык түрдө өрттөө башталат. Жалбырактарды жана куураган чөптөрдү өрттөө абанын булганышына алып келет. Аны өндүрүштүк газдар менен салыштырууга болот. Ошондой эле адамдардын ден соолугун начарлатат, кээ бир өнөкөт ооруларды, өзгөчө астма менен ооруган адамдардын ооруларын күчөтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ден-соолукка терс таасирин тийгизүүдөн тышкары, жалбырактарды […]Читать далее
Президент эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлери менен жолугушууда өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн миграциялык саясатка байланыштуу маселелер да, атап айтканда, шериктештиктин ички чек араларынан өтүү эркиндигин камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи. Садыр Жапаров эмгек миграциясын макулдашылган жөнгө […]Читать далее