Нарында бала бакчанын 50 орундуу кошумча корпусу ачылды

 Нарында бала бакчанын 50 орундуу кошумча корпусу ачылды

Бүгүн, 8-августта Нарын шаарында “Ыйман” бала бакчасынын 50 орундуу кошумча корпусу ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган корпустун курулушу ушул жылдын апрель айында башталган.

Нарын облусунда мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү долбоорунун алкагында курулуп жаткан имарат MSDSPI KG коомдук фонду тарабынан 4 млн 901 миң сомго каржыланып, буга Тышкы иштер жана соода министрлиги тарабынан башкарылуучу Австралия өкмөтүнүн түз жардам программасы донор болгон.

“Ал эми Нарын шаарынын бюджетинен өздүк салым катары 1 млн 202 миң 420 сом бөлүнгөн. Бала бакчанын 50 орундуу кошумча корпусу жалпы 6 млн 103 миң 420 сомго бүткөрүлдү. Курулушту “Нарынстройсервис” компаниясы аткарды”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост