Бишкек мэриясы жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат

 Бишкек мэриясы жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат

Күздүн келиши менен жалбырактарды массалык түрдө өрттөө башталат.

Жалбырактарды жана куураган чөптөрдү өрттөө абанын булганышына алып келет. Аны өндүрүштүк газдар менен салыштырууга болот. Ошондой эле адамдардын ден соолугун начарлатат, кээ бир өнөкөт ооруларды, өзгөчө астма менен ооруган адамдардын ооруларын күчөтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ден-соолукка терс таасирин тийгизүүдөн тышкары, жалбырактарды жана чөптөрдү өрттөө дагы башка терс таасирлерге алып келет:

– кургак жалбырактарда кыштаган пайдалуу курт-кумурскалар күйүп кетет;
– топурактын катмары бузулат, отко топурак түзүүчү микроорганизмдер өлөт;
– от чөп өсүмдүктөрүнүн уруктарын жана тамырларын жок кылат, бак-дарактардын жана бадалдардын түбүн жана алардын тамырларынын үстүн бузат;
– табигый жалбырактуу жерди жок кылуу кыртыштын тоңуп калуусунун 2-4 эсеге көбөйтөт;
– чарбалык участоктордогу чөптөрдү жана талаалардагы самандарды өрттөгөндө талаа жана токой өрттөрү, турак-жайлардын өрттөрү коркунучу пайда болот.

Түшкөн жалбырактар, бул жер кыртышынын катмары – топурактын жашоочуларынын толук жашоосун камсыз кылуунун аркасында топуракты коргоп, анын асылдуулугун арттырган даяр мульча. Жалбырактын чириндиси- топурак үчүн жер семирткич.

Шаарда аларды чогултуп, «Бишкекжашылчарба» МИнин күнөсканасына алып барып, жер семирткичтерди чыгарышат.

Связанный пост