Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баатырова Гүлнара Маришовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.Читать далее
7-сентябрда Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын агробизнес альянсынын жетекчиси Др. Пэр Бродерзен жана Борбордук Азия боюнча өлкөлүк жетекчиси Дирк Штратман менен жолукту. Жолугушууда учурунда Элчи Ө.Текебаев Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба продукциясын Германияга жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнө экспорттоо потенциалы тууралуу маалымдады. Ошону менен бирге Элчи кыргызстандык продукциясын экспорттоо менен катар Кыргызстандын аймагында айыл чарба продукциясын кайра […]Читать далее
Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Талант Мамытов кол койду. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Бакытбек Мажитов 1976-жылы 20-декабрда туулган. Юридикалык жана экономикалык жогорку билимге ээ, юридика илимдеринин кандидаты. Мажитов 2020-жылдын ноябрынан бери Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп келген.Читать далее
Муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Парламент депутаттар Палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошек баштаган Чехия Республикасынын делегациясы менен жолугушуусу болду. Жолугушууда тараптар достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Борбор калаанын мэри Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы тарыхый эстеликтерди сактоого өзгөчө маани берерин жана Чехословакиядан келген «Интергельпо» кооперативинин тарыхый мааниси тууралуу керектүү маалыматтарды табууга […]Читать далее
Октябрь районунун Көк-Жар конушунда воркаут аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Кыргызстандын Work Out ассоциациясынын спортчулары мастер-класс көрсөтүшүп, иш-чаранын соңунда балдарга балмуздак таратылды. Октябрь районунун акими Азамат Дороев шаар тургундарын куттуктап, демөөрчүлүк көрсөткөн «Ихлас» курулуш компаниясына ыраазычылыгын билдирди.Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Nuctech Company Limited» (Кытай Эл Республикасы) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Министрлер кабинетинин башчысы республика Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Акылбек Жапаров кытайлык инвесторлор менен кызматташууну жайгарууга кызыкдар экенин […]Читать далее
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушууда. Жыйынга тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда. Жыйында, жарандар чечилбей келе жаткан укуктук маселелерин чечилүүсүн сурашып, социалдык, экономикалык көйгөйлөр, коомчулуктагы мыйзамсыз иш-аракеттер, укук коргоо органдарына байланыштуу мүчүлүштүктөр тууралуу суроолорду салышты. Жарандардын арыз-кайрылуулары Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар! Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн башаты болгон, кыргыздын өзгөчө символу – Комуз күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз, кыргыз атка конгону жанында комузу кошо жаралгандай. Ошондон бери кыргыздын эрмеги – комуз, арманы – күү. Кыргыздын каны-жаны […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак-жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын имараттарын бузуу, аймагын тазалоо жана курулуш иштерине даярдоо иштери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө. Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, №47 түзөтүү колониясын башка […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын Бириккен Падышачылыгы жана Түндүк Ирландиянын падышасы Карл III ханыша Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Улуу Даражалуу ханыша Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргызстанда терең кайгыруу менен кабыл алынды. Өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл […]Читать далее