Президент Садыр Жапаров «Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланууга бөгөт коюу, республикалык бюджетке салыктык төлөмдөрдүн толук […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгына кол койду. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын […]Читать далее
Өмүрбек Текебаев санариптик сомду киргизүүдө германиялык технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады
2022-жылдын 7-июлунда Элчи Өмүрбек Текебаев Германиянын мамлекеттик жеке документтерин чыгарган, ошондой эле ички иштер, бажы жана чек ара кызматтары үчүн коопсуз санариптик программаларды камсыз кылган Германиянын мамлекеттик мекемеси болгон «Bundesdruckerei GmbH» аттуу компаниясына барды. Регионалдык директор Юдит Майнке айымдын айтымында, 250 жылдык тарыхы бар «Bundesdruckerei GmbH» компаниясы көп жылдардан бери евро банкнотторун чыгарып, азыркы тапта […]Читать далее
Ички иштер министрлиги “Ихсан Групп ЛТД” турак-жай кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жабыркагандар кайда кайрылуу керектигин айтты. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат. Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга миллиондогон сом зыян келтирилген. Ички иштер […]Читать далее
Кыргызстандын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 594 токтому менен бекитилген «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун субъекттеринин өз ара аракеттенүү Тартибин жарандарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жаатында так сактоосу тапшырылды. Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, чет өлкөлүк жарандар, ошондой […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Россиянын өкмөтүнүн сайты жазып чыккандай, өкмөт башчылары соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мишустин менен Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык кызматташтыкты тереңдетүүгө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Синдзо Абэ мырзанын элесине көңүл айтуу китебине жазуу калтырды. Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине барып, мурунку Премьер-министр Синдзо Абэ мырзанын жаркын элесине көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, эскерди. «Анын көрүнүктүү саясатчы, дипломат, ачык, ишенимдүү жана боорукер өнөктөш катары жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө жашайт. Бул Кыргызстан жана Япония […]Читать далее
«Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, «Ихсан» кооперативине жана негиздөөчүлөрүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын март айынын башынан тартып ушул кезге чейин республиканын бардык аймактарынан аталган кооперативге мүчө […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү 335 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,3 пайызга өскөн. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева билдирди. Анын айтымына караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 309 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 3,9%ды түзгөн. Орозбаева ИДПнын өсүшү […]Читать далее
12-июлда Швейцариянын Люцерн шаарында кыргызстандыктардын “Чөйрө-2022” деп аталган эки күндүк форуму ишин баштайт. Иш-чара “Санариптик кылымдын чакырыктары – Кыргызстандын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк” деп аталат. Ага дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда иштеп жаткан кыргызстандык ишкерлер, адистер катышат. Форумда IT тармагынын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошо турган салымы, маалыматтык технологиянын жана санариптик трансформациянын аялдар менен элеттик жаштарга мааниси, өлкөнү коррупциядан арылтууда журналисттердин […]Читать далее