Жээнбек Кулубаев Синдзо Абэ мырзанын элесине көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

 Жээнбек Кулубаев Синдзо Абэ мырзанын элесине көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Синдзо Абэ мырзанын элесине көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.

Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине барып, мурунку Премьер-министр Синдзо Абэ мырзанын жаркын элесине көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, эскерди.

«Анын көрүнүктүү саясатчы, дипломат, ачык, ишенимдүү жана боорукер өнөктөш катары жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө жашайт. Бул Кыргызстан жана Япония үчүн оор жана орду толгус жоготуу. Синдзо Абэ мырза биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн чоң салым кошту. Синдзо Абэ мырзанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабырдуулук каалайм», – деди Жээнбек Кулубаев.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Сигэки Маэда мырза Жээнбек Кулубаевге элчиликке келип көңүл айткандыгы үчүн жана келгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Связанный пост